БИР БҮРКҮМ. АЭРОПОРТТУН ЭКС-ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ...
№949 11-17-февраль, 2021-ж.
-

“Манас” аэропортунун мурдагы жетекчиси
Эмир Чукуев кармалып, 2 айга камакка алынды.
-
Кочкор районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды.
-
Бишкек-Москва багыты боюнча авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү, 2 авиакомпаниянын учактары жумасына 6 жолудан учуп турушат.
-
Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
-
Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы 96,7 миллиард сом салык жана төлөм жыйноону пландоодо.
-
Айжан Садыркулова Эсеп палатасынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
2020-жылы өлкөдө 2700дөн ашык өрт кырсыгы катталган.
-
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция боюнча дагы айып тагылды.
-
“Манас” аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков кызматтан бошотулуп, ордуна парламенттин мурдагы депутаты Бакыт Шаршеев дайындалды.
-
Бишкек шаардык сотунун имаратына 10-февралга караган түнү ууру киргенин милиция маалымдады.
-
Жогорку Сот экс-депутат Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыраткан мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды.
- 2020-жылы Жалал-Абад облусунда 28 921 ымыркай төрөлгөнү расмий маалымдалды.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0