
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Орусиянын улуттук лигасындагы “Шинник” футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Футболчу буга чейин Индонезиянын “Персита Тангеранг” клубунда ойногон. Ал 2020-жылдагы сезондо Индонезия чемпиондугунда жалпы 3 беттешке катышкан.
26 жаштагы коргоочу карьерасында “Дордой”, “Шауляй”, “Алга”, “Гранитас”, “Ягодина” жана башка клубдардын намысын коргоп келген.
Орусия улуттук лигасында “Шинник” футболдук клубу 16 упайы менен акыркы, 22-орунда келе жатат.
Жумабай Акимов