
Белгилүү улакчы Манас Ниязов 14-февралда Чымкентте өткөн аламан улактан кийин казак улакчысы Абугали Абдыжапаровдон кечирим сурады. Ага калпак, чепкен кийгизип, казак оюнчуларын Кыргыз жергесине оюндарга чакырды.
Эске салсак, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалдык беттешинде Кыргыз-Казак командалары кез келген. Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстандын курама командасын 15:3 эсебинде жеңген. Оюн учуранда Манас Ниязов атаандашы болгон Абугали Абдыжапаровду аты менен жөөлөп кеткен. Аттан кулаган казак спортчусу башынан жаракат алган эле.
Динара Акимова