КЫРГЫЗ КАСКАДЁРЛОРУ "TAURUS" СЫЙЛЫГЫН ЖЕҢИП АЛЫШТЫ
№950 18-24-февраль, 2021-ж.
Кыргыз каскадёрлору биринчи жолу дүйнөлүк “Taurus” сыйлыгын жеңип алды. "Nomad Stunts" каскадёрлор тобунун мүчөсү Жамил Жуматаев бул тууралуу буларга токтолду:
– “Taurus” сыйлыгы каскадёрлордун "Оскары" деп эсептелет. Биз бул сыйлыкка казакстандык режиссёр Акан Сатаевдин "Томирис" тасмасында эң мыкты трюктарды аткарганыбыз үчүн татыктуу болдук. Киного жалпысынан 15 кыргыз каскадёру тартылган. Тасма 2018-жылы тартылып, 2019-жылы экранга чыккан. Ал эми “Taurus” 2020-жылдын аягында Лос-Анжелестеги дүйнөлүк каскадёрлор академиясы тарабынан берилди. Сыйлоо аземи пандемияга байланыштуу онлайн форматта өттү.
Кыргыз каскадёрлору абройлуу "Taurus" сыйлыгын жеңип алды
Автор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1