БИР БҮРКҮМ. СТУДЕНТТЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...
№950 18-24-февраль, 2021-ж.
-

Экс-президент
Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиядагы ажылык зыяраттан Бишкекке кайтып келди.
-
Жергиликтүү кеңештерге ат салышчу талапкерлер 11-мартка чейин шайлоо күрөөсүн төгүшү керек.
-
Шайлообек Атазов 2015-жылкы тизме боюнча “Ата Мекенден” парламентке депутат болот, ал жакында башка кызматка дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келет.
-
15-февралда Бишкекте студенттер окуудагы келишим акыны 50 пайызга чейин арзандатуу талабы менен митингге чыгышты.
-
Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди 2 айга камакка алган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
-
Президент Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү расмий иш сапары менен Орусияда болот.
-
Финпол Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүлөрү белгилүү болду.
-
11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мамлекеттик казынадан 422 миллион 231 миң сом жумшалат.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0