
21-март – Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
"Нооруз-2021 турнирине карата оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Буга карата командалар өз квотасына жараша 11-март күнү саат 17:30га чейин Улуттук спорт түрлөрүнө арыз тапшыруусу зарыл. Арыздар өз облусунун жетекчисинин колу менен бекитилиши керек. Ансыз арыздар кабыл алынбайт",- деп билдиришти федерациядан.
Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну өткөрүлгөн эмес.
Жумабай Акимов