
26-28-февраль күндөрү Киевде күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 33 балбан катышып, 13 медаль утушту. Анын ичинен 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова
(62 килограмм) жана Мээрим Жуманазарова алтын тагынса, Айпери Медет кызы
(76 килограмм) жана Назира Марсбек кызы
(59 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Грек-рим күрөшүндө Үзүр Жусупбеков
(97 килограмм) алтын, Жоламан Шаршенбеков
(60 килограмм) күмүш жана Амантур Исмаилов
(67 килограмм) коло медалга ээ болду.
Ал эми эркин күрөш боюнча 5 балбан – Алибек Осмонов (65 килограмм), Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм), Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм), Икромжон Хаджимурадов (61 килограмм) жана Исламбек Орозбеков (70 килограмм) коло медалга ээ болушту.
Жумабай Акимов