
Кыргызстандык спортчу, жиу-житсучу Абдурахманхаджи Муртазалиевге “КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Белгилей кетсек, тиешелүү чечим “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын” талаптарына ылайык кабыл алынган.
Абдурахманхаджи Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан. Ошондой эле ал жиу-житсу боюнча Азия чемпиону. Айта кетсек, Муртазалиев Жиу-житсу боюнча улуттук федерациясынын президенти.
Жумабай Акимов