
11-мартта Бахрейнде өтө турган Brave CF 47 мелдешинде 3 кыргыз мушкери намыс талашат. Уюмдун 3 жолку жеңүүчүсү Кубаныч Абдисалам уулу кеченин негизги беттешине чыгат. Ал филиппиндик мушкер Роландо Дай менен бет келет. Кубаныч Абдисалам уулу буга чейин Brave CF 46 мелдешинде тажикстандык Жагонгир Саиджамаловду 2-раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Ал эми аталган турнирде Немат Абдрашитов жана Рыскулбек Ибраимов дебюттук беттештерин өткөрүшөт.
Динара Акимова