Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭҢ МЫКТЫ ЫРЫМ АЛИ ЖАРАЛА ЭЛЕКТИР...”№953 11-17-март. 2021-ж
– Саламатсыңар, эл токтосо токтогондур, бирок менде гастроль такыр токтогон жок. Пандемия учурунда эле токтоп калбасам, кыдырып жүрдүм. Эң биринчи концертим Караколдо өткөн, быйыл да ырымдап ушул шаардан баштадым. – Кыргызда “келиндин келгендегиси эсинен чыкпайт” дегендей, ырчынын да биринчи гастролу эстен чыкпайт. 1994-жылы "Эл ырчысы Эстебес" тобу менен биринчи жолу Ысык-Көлгө гастролдоп барам деп толкунданып уктабай чыккам. Бала кезден Ысык-Көл тууралуу чыгармаларды окуп таасирленгем. Барып эле Айтматовдун “Ак кемесине” жолукчудай дегдегем. Залкар инсандар Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиевдердин батасын көп алдым. Ал убакта сүрөткө түшкөнгө азыркыдай чөнтөк телефон жок болгондуктан, сүрөттөрүбүз жок. Эмнегедир алар мага өлбөчүдөй сезилчү. Жеке өзүмдүн гастролумду 1996-жылы Ысык-Көлдөн баштагам. Ыраматылык досум Элмирбек Иманалиев “афишаны башкача жасайбыз” деп сунуштап, “Сыймык Бейшекеев “Көлдүк кызын” төркүлөтүп келет” деген тема койгонбуз. Анда “Көлдүк кыз” популярдуу болуп турган убак эле. “Баш куда – Болот Токтобаев, күйөө жолдош – Элмирбек Иманалиев, кудагый – Стамгүл Турдалиева” деп жазып төртөөбүз чыкканбыз. Кызыктуусу, гастролдоп бара жатабыз, борбордон саат 12де автобуска отурдук. Колдорубузда комуз, аккордеон, башка эч нерсебиз жок. “Аппаратураңар кана?” десе, “мына” деп комуздарды көрсөтүп коёбуз. Ыраазы болгонум, мени баласынтпай эл жакшы колдоп берген. Филармонияда эки жылдай иштеп, өзүмдүн атымды жасап, дараметимди сынап көргүм келип бул гастролго чыккан элем. Элмирбекке оюмду айтсам колдоп, “эч нерседен коркпо” деп дем-күч берип жанымда жүргөн. Ушундай колдогон досум болуп, жолборстун терисин жамынып алган баатырдай гостролго комуз менен чыгып кеткенибиз ошондон. – Өтө жөнөкөй, жүрөктөрү башкача эле. Эстебес ата башында “сенин акындыгың бар” деп мага ыр жаздырып жүрдү. Ал убакта “эстрада жанрында ырдасам” деп ал жакка басым жасап калгам. Анткени эл ошол жакка ыктап турган. Эстрада менен атымды жасап, кайра комузума кетип калам деп ойлогом. Элмирбек ошондо “жок, сен эстрадада эле каласың” деген. Айтканындай эле болду. Эстебес аталардын жолу менен кетсем, мыкты акындын катарын толуктабасам да, орто заар акын болуп калсам керек эле. Өкүнүч деле эмес, жөн эле ой. Тууганбай ата болсо өзүнүн баласындай көрүп курсагыбызды ойлоп үйүнө алып барып тамак берип жүрчү. Бир күнү Элмирбек келип “Тууганбай атанын күндөлүгүнөн сонун ыр көрдүм” деп калды. “Көлөмүң болуп кичине, көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй катып жүрмөкмүн, көңүлү жаман кишиге” деген кызганыч тууралуу ыр экен, көңүлүмө уюп калды. Тууганбай атадан “ушундай саптарыңыз бар экен, мен обон чыгарып жүрдүм эле” деп сурап калдым. “Аны эмне кыласың, балам? Андан көрө муну ырда” деп башка бир ырды берди. Шаабайым сууп калды. Кийин эстрадага кетип калдым. Бирок ошол саптар көңүлүмдө жүрө берди. Кийин убакыт өткөндөн кийин “ушул ырды улап жазып бериңиз” дедим. Ал кезде 70 жашка чыгып калган эле “балам, эми менде андай кызганыч сезим жок” деп калды. Башка акындарга окутсам кызганып кетип, кайра өзү жазып берген. Ал ырга обон чыгардым, кийин ооруп калганда үйгө чакырып ырдап бердим. Айтматов менен эки күн чогуу жүрдүм, ал дагы узун тарых, кийин айтып берейин. Бир өкүнгөнүм, ошончо жүрүп бир эле жолу аянттан сүрөткө түшүп, аны алайын десем орус фотограф каза болуп калып ала албай калгам. Залкарлар менен ушундай далай тарыхтар бар. – Ашыраалы Айталиев атабыздын “Сыймык, мен убагында көпкөнүмдөн улам “мен жок кыргыз эли кантип жашайт?” деген ойго туш келгем” дегени бар. Элдин сүйүүсүн көтөрүү оңой эмес, көбү ушундай нерсеге туш болушат. Менде бул сезим болгон жок десем туура эмес болуп калат. Болду, бирок устаттарым дердеңдеп бара жатканымда тизгинимди тартып турушту. Андыктан жеңил өткөрдүм. “Мен жок кыргыз эмне болот?” деген нерсеге жетпесем да, бир-эки жыл кыйшаңдап барып түзөлдүм. Бир окуяны айтып берейин, түштүккө жыртык бут кийимчен, такси менен гастролдоп барганбыз. Катары менен 3 күн концерт коюп, эл ушунчалык көп келип, заводдон жаңы чыккан машине минип келип калган күндөр болду. Элестет, жөө барып, кайра машинелүү болуп кайтсаң. Мындай учурларда пендесиң да, көтөрүлүп кеткен учурлар болду. – 3-классымда Акбары аттуу эжейибиз бар эле. Бир ырды берип, “обон чыгара аласың” десе, турган жеримден обон чыгарып салганым эсимде. Толук кандуу 7-классымда “Жүрөк сезет” деген ырга обон жазгам. Радиолордон ыр укканда алтымыш тамырым зыркырып, “качан менин ырым ушинтип радиодон берилип калат?” деп ойлочу элем. Бир күнү радио угуп жатсам жанагы ырга Асанкалый Керимбаев эбак обон чыгарып койгон экен. Бирөөнүн бир нерсесин уурдап алгансып жаман болгом. Анда бир ырга бир нече обончу обон чыгарса болорун билчү эмесмин. Шагым аябай сынган. Азыр ошол кайрыктарды эч эстей албайм. Анткени жүрөгүмдөн бул обонду жоготконго аракет кылган экенмин. Кийин 17 жашымда ооруканага жатып калып, ал жерде медайым болуп иштеген Бегайым деген кызга арнап ыр чыгаргам. Аны ырдап чыккан жокмун. – “Көлдүк кыз” бир кызга арзып деле жаралган ыр эмес. Мен Ысык-Көлдү көрө электе эле, чыгармалардан окуп сүйүп калгам. Чыгармачылыгымда Көл башкы темада турганы да ошондон болсо керек. Көлдүк кыздан мурун мен Көлдү сүйдүм. Ушул кезге чейин эле сүйгөнүмө жолукчудай эңсеп, дегдеп барам. Ырчылар “биз Көлгө концерт берсек эл келбейт, сен берсең эле аншлаг менен өтөт” деп айтып калышат (күлүп). Мен кыялымда бир каарманды ойлоп алып, аны сүйүп ыр чыгара берем. “Көлдүк кыз” ушинтип жаралган. Эл “50 жашка жакындап эмне актанып жатат?” дешпесин, чындыгы ушул. “Күзгү нөшөр” чоң эргүү менен жаралган, качанкы бир элдик кайрыктар келип көңүлүмө туруп алып кетпей койду. Ал кезде жаздырганга телефон жок, жубайым жанымда болчу, ага ырдап берсем жакты. Элмирбекке барып ырдап берсем, ал катуу таасирленип ыйлап жиберди. “Үн жаздыралы” дедик. Азыркыдай кайра-кайра жаздырмай жок, үн режиссёрдун да убактысы жок эле. Бул ырга дагы эки ырды кошуп бир дем, бир дубль менен ырдап жаздырып салдык. Ал кезде кандай ырдасаң ошондой түшчү, азыркыдай үндү тазаламай жок эле. Кассетага жаздырып алып, түнү менен угуп чыктым. Эртеси радиого бергени келсем Бекболот Абдраимов деген киши “эй бала, эмне турасың?” деп бир тийди. “Ыр алып келдим” десем, “эмне балээ деген ырларды чыгарып жатасыңар, алып келчи бери” деди. Кудай жалгап “Күзгү нөшөр” биринчи жазылыптыр. Биринчи куплет бүткөндө эле жашып кетти, бүткөндөн кийин кучактап өпкүлөп жиберди. “Ушул ырды сен чыгардыңбы, сен ырдадыңбы?” деп кубанды. Ыр тез арада хит болуп кетти. Бул окуя мага аябай шык берди. – Чыгармачылыкта бир ырың жакшы чыкса калганы ошонун айланасында калып калат экен. Мен Рыспай Абдыкадыровдун ырын өз кайрыгымда, өз стилимде ырдайм. Азыр бир ырдын пайдубалын түзүп койгом. Ал “мен сен тууралуу дагы да болсо ырдап бүтө элекмин” деген маанидеги ыр. Мен, балким, эң мыкты деген ырымды жарата электирмин, балким, мындан жакшы ырларым чыгат. Ырыңдын кайрыктары бири-бирине окшош деген сынды угуп калам, бирок ар бир обон жүрөктөн чыгат. – Эркектин табияты ушул экен. Көзүң көрүп, жүрөк согуп турганда сулууларга суктанбай коё албайт экенбиз. Эркек сөзсүз сулуу кыз сүйгүсү келет, күлүк ат мингиси келет. Ошондон улам айткан сөзүм болуш керек. Бирок адамга чыныгы сүйүү бир эле жолу келет экен. Калганы кызыгуу, жакшы көрүү десек болот. – Үйдө, жашап жүрөм азыр (күлүп). Бул кызды издеп жүрүп сүйдүм, эңсеп жүрүп үйлөндүм. Мен убара болуп шаардан, булуң-бурчтан издеп жүргөнүм айылда экен (күлүп). Классташымдын бөлөсү болуп чыкты, сүрөттөн көрүп жактырып калгам. Анда жубайым 18 жашта болчу. “Болду-болбоду бул да каникулда жүрсө керек” деп болжоп барып жолуккам. Мен чоң эне тарбиялаган уулмун, ага айтсам “жакшы адамдын кызы” деп, батасын берип, биринчи жолугууга баргам. Ошол күндөрдү сүрөттөгөн күндөлүгүм бар, азыр аны жубайым Нурзада сактап жүрөт. Уктай албай жүрөк дүкүлдөп укмуш болгом. Ушундай алоолонгон махабаттын аркасында баш кошуп, төрт балалуу болдук. Алоолонгон махабат ар бир чыгармамда учкун болуп берди. Нурзада мени эле сүйгөн жок, ата-энемди, бир туугандарымды кошо сүйдү. Сүйүү жакшы дечи, бирок үй-бүлөдө көп нерседен сактап кала турган нерсе аялдын акылдуулугу. Жубайым менин тукумумду улайм деп төрт жолу өмүрүн тобокелге салды, операция жолу менен төрөдү. Акыркысында врачтар “өмүрүнө коркунуч келтирет” дешкен. Аялдын мына ушундай курмандыгын, жан дилин арнаганын, акылын сүйөт экенсиң. – Атам биздин көзүбүзчө эч качан апама катуу айткан эмес. Биз ошолорду көрүп чоңойдук. 10 жашта болсом керек, бир машинага түшкүлө десе балалыкка салып түшүп алыпмын. Ал, көрсө, ажырашып жаткан жубайлардын жүгү экен. Ошол жерден ата-эне бири-бирине жаман сөз айткандарын көрдүм. Баарынан жаманы – балдарды бөлүштүргөнү эле. Апам “ошондо өңүң купкуу болуп келип “апа, мен үйлөнсөм эч качан ажырашпайм” дегенсиң” дейт. Бала болсом да жан дүйнөм бүлүнүп жаман болгом. – Эки эркек балам тең чыгармачылыкка жакын, үндөрү жакшы. Азамат учурда чет өлкөдө, англис тилин мыкты билет. Ага “сен ырдасаң болот” деп калам. Чыгармачылыгын баштаса көп ырчыга атаандаш болсо керек. Бирок азыр жеке иштери менен жүрөт. Кийинки уулум Кадырлуу да чыгармачылыкка жакын. Азыр өткөөл курагы болгон үчүн ырдатпай жатам. Комузду жакшы чертет. Эки кызым чыгармачылыкка анча жакын эмес. – Китептерин окугандан тажабаган жазуучуңуз? – Чыңгыз Айтматов. – Акын? – Алыкул Осмонов. – Ордунда болгуңуз келген тарыхый каарман? – Токтогул Сатылганов. – Саясаттагы каарманыңыз. – Жок. – Сизди суктандырган айым? – Апам. Нуржамал Жийдебаева Сыймык Бейшекеев: “Күзгү нөшөрдү угуп, Элмирбек ыйлаган”
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
15.03.2021. 10:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден-соолукта,өмүрүңүз узун болсун.Өң,келбети атама окшош болгон үчүн аябай жакшы көрөм:)
kkkk3259780
![]()
15.03.2021. 13:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
россияда эс алган кундор эсиндеби...
Nursultan2508
![]()
15.03.2021. 16:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kkkk3259780,
i-bilim
![]()
15.03.2021. 17:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо, окуп алып жашагым, жашагым келип кетти го, чиркин! Сырткы келбети да, жан дүйнөсү да күлмүңдөгөн, аруу инсан турбайбы) Чоң рахмаат Супер!
Marni
![]()
15.03.2021. 20:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат кыз(Тюп районунун Санташ айылынан болот, гл. гинекологдун кызы) менен мамилеңиз үзүлгөнбү?
Sara1993
![]()
19.03.2021. 10:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана керемет адам!Биздин тарыхта кала турган инсандар, концерттин абдан кутуп жургом бирок числосун билбей калып откоруп жибериптирмин.омурунуз узун болсун.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|