
16-мартта Кыргыз Премьер-Лигасынын быйылкы сезондогу оюндары старт алды. Кант шаарында бишкектик "Алга" – "Илбирс" командалары кез келсе, Ошто жергиликтүү “Алай” – “Каганат” командалары беттешти. Оюн 2:0 эсебинде “Алга” жана 2:1 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Командалары үчүн алгачкы голду жараткан Темирболот Тапаев
(«Алга») жана Элдар Молдожунусов
(«Алай») мыкты оюнчу деп табылды.
Динара Акимова