
Көк бөрү боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан Нооруз турниринин алкагында Жогорку Лиганын командалары тайпалык беттештерге чыгышты. А тайпасында “Сары-Өзөн” – “Жаш күч” командалары беттешип, 11:6 эсебинде “Сары-Өзөн” жеңишке жетишти. Ал эми В тайпасында “Достук” – “Ала-Тоо” командалары кез келди. Оюн 7:2 эсебинде “Достуктун” жеңиши менен жыйынтыкталды. Бул оюнда айтылуу улакчылар Байыш, Манас Ниязовдор өздөрү мурда ойноп келген “Достук” командасына каршы оюн көрсөтүштү.
Динара Акимова
Көрдүңөрбү Ниязовтордун акылмандуулукун өздөрү өсүп чоңойгон командасынан жеңишти алгысы келген жок