
Бокс боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште мушкер Азат Үсөналиев алтын тагынды. Ал 52 килограмм салмак ченинде Казакстан, Түркия, Аргентина жана Азербайжандын мушкерлерин ири эсепте жеңди. Андан тышкары Акылбек Эсенбек уулу
(57 килограмм) күмүш, Эркин Адылбек уулу
(81 килограмм) жана Өмүрбек Бекжигит уулу
(75 килограмм) коло медаль тагынышты. Бул турнирге өлкөдөн жалпы 12 мушкер барган.
Динара Акимова