БИР БҮРКҮМ. ОРОЗО АЙЫ 13-АПРЕЛДЕ БАШТАЛАТ...
№957 8-14-апрель, 2021-ж.
Жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду камакта кармоо мөөнөтүн Бишкек шаардык соту 15-апрелге чейин узартты.
- Башкы прокуратура: “Ысык-Көлдө 31 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды”.
- Мамлекеттик салык кызматы: “2021-жылдын алгачкы 3 айында 781 миллион сомдон ашуун камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду”.
- Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Түштүк Корея парламентинин төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.
- Жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттерди онлайн каттоо 9-апрелде аяктай турганы айтылды.
- Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталат.
- “Жыл башынан бери өлкөдө кумшекер 10 сомго кымбаттады”,- дейт Улуттук статистика комитети.
- 6-апрелден тартып Бишкекте жылуулук берүү токтотула баштады.
- Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду камакта кармоо мөөнөтү 10-июнга чейин узартылды.
- Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунда жергиликтүү милицияга “шайлоодо мыйзам бузууларга бөгөт койгула” деп ташырма берди.
- 7-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү.
- 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0