
Бишкек шаарында 6-апрелде Азия жана Океания чемпиондугу башталды. Чемпиондукта 60 килограмм салмак ченинде күч сынашкан кыргыз балбаны Кубанычбек Айбек уулу коло медаль тагынды. Коло байге үчүн болгон таймашта мекендешибиз өзбекстандык
Кемран Нуриллаевди утуп алды. Ал 8/1 финалда түркмөн балбаны Хакберди Жумаевди, чейрек финалда казакстандык Элдос Сметовду жеңген. Жарым финалда кытайлык Юнг Вэй Янгдан жеңилип калган.
Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат. Чемпиондуктун жыйынтыгы менен спортчулар Олимпиада оюндарына рейтинг топтошот. Мелдеш 9-апрелге чейин уланат.
Динара Акимова