БИР БҮРКҮМ. ГЕНЕРАЛ АСАНОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ...
№958 15-21-апрель, 2021-ж.
-

Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп
Ахмет Садык Доган дайындалды.
-
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды.
-
Кыргыз жеринен дары жана медициналык буюмдарды экспорттоого 6 айга тыюу салынды.
-
ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды.
-
Башкы прокуратура: “Баткендин Үч-Коргон айыл аймагынан 80 гектар жайыт жери жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды”.
-
Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыгарылды.
-
Ош шаарында 3 окуучудан коронавирус аныкталып, 2 мектеп карантинге жабылды.
-
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканы, коргонуу чараларын күчөтүү зарылдыгы эскертилүүдө.
-
Таластын Өзгөрүш айылында дарыяга кулап кеткен 2 жашар баланы издөө иштери жүрүүдө.
-
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде борбор шаарда Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышына катышты.
-
Баткенде чек араны айланып өтүп, бажы төлөмдөрүн төлөбөй кирген жүктүн ээси кармалды.
-
Караколдо окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, урушту уюштурууга шектелип 2 окуучу кармалды.
-
13-апрелге карата Бишкекте 350дөн ашык адам COVID-19 илдетине каршы эмдөө алды.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0