ЭЛДИН САНЫ 6,6 МИЛЛИОНГО ЖЕТТИ...
№959 22-28-апрель, 2021-ж.
Өлкөдө коронавирусту дарылоонун 5-протоколу иштелип чыкканы айтылды.
-
Үстүбүздөгү жылдын 3 айында Бишкекте балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталды.
-
Замирбек Малабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
-
"Жыл башынан бери Баткенде контрабандалык 80 тоннадан ашык күйүүчү май колго түштү",- деп билдирет УКМК.
-
Парламентте депутаттар Дооронбек Садырбаевдин эстелигин коюуга жер бөлүп берүү сунушун айтышты.
-
2021-жылга карата Кыргыз өлкөсүндө элдин саны 6 миллион 637 миңди түздү.
-
Нурдөөлөт Базарбаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.
-
2021-жылга карата Орусиянын жогорку окуу жайларында 16 миңдей Кыргыз жараны билим алып жатканы айтылды.
-
Бишкек мэриясы: COVID-19 илдетинен улам быйыл 29-апрель – Бишкек шаарынын күнү жана 9-май – Жеңиш күнү массалык түрдө майрамдалбайт.
-
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Ош шаарына 600 видеокамера орнотулат.
-
Сузак районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактан 14 үй-бүлө көчүрүлдү.
-
Ош шаарында бала бакчада 5 жашар кыз сабалып, окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
- Бишкекте 21-апрелге карата АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты, АИ-92 үлгүсү 48,50 сомдон сатылууда.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0