
АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында кыргыз мушкери Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андрадени техникалык нокаут менен утту. Муну менен ал 5-ирет чемпиондук наамын коргоду. Шевченко беттештин 2-раундунда атаандашын жыгып, эки колун бууп, үстүнө чыгып, дембе-дем соккуларды узатканда калыс беттешти токтотту.
Жеңишинен кийин Валентина Шевченко адатка айланган лезгинкасын бийлеп, Кыргыз өлкөсүнө салам жолдоду. Шевченко бул беттеш үчүн 430 миң доллар алды.
Динара Акимова