ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНА ДАГЫ БИР ЖОЛДОМО
№960 29-апрель-5-май, 2021-ж.

Фехтование спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия алды. Петров 25-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия жана Тынч океан квалификациялык мелдешинде 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул жетишкендиги үчүн спортчу олимпиада оюндарына лицензияга ээ болду.
Бул кыргыз куржунундагы 13-жолдомо.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0