БИР БҮРКҮМ. 20 МИҢ АДАМ ЭМДӨӨДӨН ӨТТҮ...
№960 29-апрель-5-май, 2021-ж.
-

Өлкөгө май айында
400 миң доза AstraZeneca вакцинасы алынып келинери айтылды.
-
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүү үчүн арыз жазды.
-
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырды.
-
28-апрелде Бишкекте Башкы прокуратуранын алдында чакан бизнестеги бут тосууларды жоюу талабы менен ондогон жарандар митингге чыгышты.
-
28-апрелге карата Кыргызстанда 20 458 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
-
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Усеин Касмалиев коронавирустан каза тапты.
-
Жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.
-
Медетбек Жумаев “Ош электр” ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
-
1-майдан тарта Жалал-Абад облусунда орто мектептер онлайн форматта иштөөгө өткөрүлөт, 9-11-класстын окуучулары гана кадимки режимде окушат.
-
Мамасадык Бакиров Жогорку Кеңешке депутат болуп бекитилди.
-
28-апрелде Бишкекте 11-апрелде өткөн шаардык кеңештин шайлоосунан четтетилген КЭДП партиясынын тарапташтары митингге чыгышты.
-
Кыргыз мамлекети алдамчылыкка шектелген Кытай жаранын өз өлкөсүнө өткөрүп берди.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0