Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ТАЖИКСТАН БАТКЕНГЕ КУРАЛДУУ КОЛ САЛДЫ. 36 АДАМ КАЗА ТААП, 200ДӨЙ КИШИ ЖАРАДАР№961 6-12-май, 2021-ж. 28-апрелде эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн аймагына куралдуу кол салуу болду. Тажикстандык аскерлер Баткенде тынч жаткан элди атып, үйлөрдү өрттөп, сүрдүрүп, ички каттамдын жолдорун бууп – аймак кымгуут түштү. Кагылышууда 36 мекендешибиз каза таап, 190дою жаракат алды. Кыргыз эли Тажик бийлигин бул баскынчылыгы үчүн эл аралык сотто жазага тарттырып, материалдык жана моралдык чыгым төлөтүүнү талап кылууда. Дүйнө элинин көңүлүн бурган апааттын урунттуу, суроо жараткан учурлары макалада. 28-апрель. Тажикстан жарандары Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерге шагыл төгүп, Головной суу бөлүштүрүүчү жайындагы Кыргыз жеринде турган мамыларга уруксатсыз 2 видеокамера орнотуп, ортодо жаңжал чыгат. 29-апрелге караган күнү таңга жуук Көк-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө тажик тарап ок атып, 1 тургундун көзүнө ок тийип ооруканага түшөт. Унаалар да аткыланып, үйлөр таш бараңга алына баштаган. Бул – катардагы жаңжал эмес, олуттуу мүнөздөгү чабуул экендигинин сигналы болчу. Кыргыздын Чек ара кызматы “Тажик жарандары чагымчылдык кылууда” деп чукул билдирүү жасап, жаңжал тутанган Көк-Таштын тургундары шашылыш Баткен шаарына көчүрүлө баштады. 29-апрель. Тажик тараптан тынымсыз ок атылып жатты. Түшкө маал Чек ара кызматы “Тажикстан аскерлери миномёт, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоого өттү” деп билдирүү жасады. Чек ара бекеттери аткыланып, “Достук” заставасы өрттөлдү. Каза болгон алгачкы мекендешибиз тууралуу маалымат чыкты. 30-апрель. Күн ичинде Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары, Кыргыз-Тажик президенттери сүйлөшүп “ок атышууну токтотуу макулдашылды” деген билдирүүлөр жарыяланды. Бирок убадалар аткарылган жок. Жергиликтүү тургундар “Тажик тарап аткылоону улантууда” деп чыркырап жатышты. 1-май. Куралдуу кол салуу ушул күнү токтоду. Чек ара тилкесиндеги бейтарап аймакта Кыргыз-Тажик чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиясынын жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз тараптан аталган комиссия төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Атайын протоколго кол коюлуп, абал тынчып, аскерлер мурда ээлеген позицияларына кайта башташты. Кол салуу учурунда Баткендин айылдарынан 60 миңдей адам эвакуацияланды. Тажик тараптын чабуулунан 36 мекендешибиз каза тапса, 190го жакыны жаракат алды. Каза болгондордун 25и миномёттун огунан мерт кеткен. Арасында 12 жашар кыз, 5 жашар бала бар. Тажик тарап абадан да сокку урган, апааттан кийин жарылбай калган авиациялык ракеталар табылды. Каза болгондордун үчөө аскер кызматкерлери: Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулу. Алдын ала маалыматтарга таянсак, куралчан чабуулда Баткенде 104 үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, унаага май куюучу 10 жай, 8 дүкөн өрттөлгөн. “КАНДУУ СОГУШТУ ТОКТОТУП КАЛДЫК” 2-майда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кыргыз өлкөсү чагымчылдыкка алдырбай, элди мындан да оор жоготуулардан сактап калды дейт президент. – Өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч жаткан элдин бейпилдиги бузулду... Өзүбүздүн куралдуу күчтөрдү чектеш мамлекеттин айылдарын басып алып, тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз. Кыргыз өлкөсүнүн чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого катуу көрсөтмө бердим. Чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак. Кудай жалгап кандуу согушту токтоттук. Садыр Жапаров өз кайрылуусунда Тажикстандын атын атап, анын бийлигин айыптаган бир да сөз айткан жок. Бул жагдай коомчулуктун сынына кабылса, “дипломатиялык эрежеге ылайык туура кадам” деп колдогондор да бар. “АБАЛ КУРЧУП БАРАТКАНЫН БИЛГЕНБИЗ” Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арада абал курчуп баратканын Кыргыз өлкөсү алдын ала билген деди. Тажик тараптын куралдуу кол салууга алдын ала даярданганынан кабар берип, чек арага жакын жерге жаңжалга чейин эле окопторду казып, кум салынган мүшөктөрдөн тосмо даярдашканын ырастаган сүрөт, тасмалар интернет желесине тарады. Ушул жагдай УКМКга карата сынды күчөттү. “Алдын ала чара көрүп, элди коопсуз жайга убагында эвакуациялап кетиш керек болчу” деген пикир айтылууда. Жоопсуз суроолор көп. Бул арада Тажикстан бийлиги Кыргыз өлкөсүн куралдуу агрессияга айыптап, Кыргыз жоокерлерине “киши өлтүрүү” сыяктуу оор беренелер менен кылмыш ишин козгоду. ТАЖИКСТАН ЖҮЗҮ КАРАЛЫК МЕНЕН ӨЛКӨ АЙМАГЫНА БАСТЫРЫП КИРДИ Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанды куралдуу кол салууга кескин айыптаган орган – Башкы прокуратура болду. – Тажикстандын аскерлери Кыргыз Республикасынын аймагын басып алуу максатында Кыргыз өлкөсүнүн суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп, тынч жашаган жарандарды, чек арачыларды, милиция кызматкерлерин себепсиз массалык түрдө өлтүрүп, автомат, миномёт, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан ок чыгарышкан. Чек ара тозотторуна, Баткен, Лейлек райондорунун айылдарына кол салышып, Кыргыз өлкөсүнүн аймактарын басып алышкан. Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңуулоо, эл аралык келишимдерди бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат,- деп билдирди Башкы прокуратура. Бул факт Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси менен катталып, тергөө башталганы айтылат маалыматта. Тергөөнү УКМК, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын ортосунда түзүлгөн атайын тергөө тобу жүргүзөт. Көз карандысыз юристтер Тажикстанды куралдуу агрессияга айыптап, Гаагадагы эл аралык сотко кайрылганы жатышат. Ташиев жакында, 9-майга чейин Кыргыз-Тажик чек арасындагы 112 чакырым тилке такталып бүтүп, андан кийин демаркация иштери башталат деди. “Тажик тараптан зыяндын ордун толтуруп бергиле деп суранбайбыз” деп билдирди УКМК төрагасы. Талкаланган үйлөр күзгө чейин калыбына келтирилмекчи, бул иштерге 700 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров май айынын 15инен кийин Дүйшөмбү шаарына Тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга барарын айтты. Жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар президент Жапаров Рахмон менен сүйлөшүү үчүн Тажикстандын борборуна барбашы керек, сүйлөшүү нейтралдуу аймакта жүрүшү керек деп коңгуроо кагып жатышат. Маселе чечүүгө жетишсе, жолугушуунун кайсы жерде өткөнү маанилүү эмес деп пикир айткандар дагы бар. Чек ара жаңжалында жаракат алган ондогон жарандар учурда Бишкекте дарыланууда. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков буларды айтат: – 3-майга карата биздин борбордо Баткен окуясынан жаракат алган 36 бейтап дарыланып жатат. Алардын 16сы аскер кызматкери. Үчөөсү реанимацияда жатат, абалы ортодон оор. Экөөнүн курсагына ок тийип, ичегилери катуу жабыркаган. Алгачкы операциялар Баткенде болгон, бирок тигилген жерлери кармабай жаткандыктан кайра операцияга киргизилди. Ок бирөөнүн эки бутун тең талкалап, жанчып салган. Калган 33 бейтап палатага которулду. Денелеринен октор алынды, эми октун чачырандыларын алуу үчүн кайрадан операцияларга даярдык көрүп жатабыз. Аталган окуяда жаракат алып, учурда Бишкекте дарыланып жаткандардын бири Улукбек Абдиев Тажик тараптын бастырып кирери белгилүү болчу дейт. – 27-апрелде Тажик тарап “Головной суу алуучу жайын бересиңер же согуш болот” деп ачык эле айтышкан деп жатышат. Анан “Головнойго силердин эмне кылганыңарды текшерип турабыз” деп видеокамера орнотот. Кошунаң сенин корооңо каратып камера орнотуп, баскан-турганыңды текшерип жатканын элестет. Ушуну угуп 28-апрелде күндүзгү саат 10дордо Баткен шаарынан Головнойго бардым. Согушалы деп эмес, сүйлөшүү жүргүзмөкпүз. Биз барган учурда Тажик тарап Көк-Таш айылындагы видеокамераларын аткылап, талкалап бүткөн экен. Головнойдо пикир келишпестик чыгып, эки тарап таш урушуп кеттик. Алар качып кетишкен, кайра аларды Тажикстандын аскерлери алдыга салып келип ок атып башташты. Бизден төрт адамга ок тийди. Алгач Кыргыз аскерлери ок атышкан жок, качан алар токтобой аткылап баштаганда ок чыгарууга мажбур болушту. Кыргыз аскерлери даярдыксыз болсо да жакшы коргонушту. Саат 14:00дө оң бутума ок тийип, тоскоолдуктардан улам ооруканага түнкү саат 2де жеттим. Эртеси учак менен Бишкекке алып келип, бутума операция жасашты. Баткендин Ак-Сай айылындагы ӨКМнын №106 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эгемберди Жураев окуя кандай болгонун айтып берди. – 29-апрелде кырдаалга жараша өздүк курамды топтоп кооптуу айылдардын жашоочуларын маршруттук таксилер менен коопсуз жерге эвакуацияладык. Айрым үй-бүлөлөр жеке унаалары менен чыгып кетип жатышты. Ал күнү саат экиге чейин аялдар менен жаш балдарды коопсуз жайга алып барууга жетиштик. Саат үчтөрдө "Тажик тарап Ак-Сай айылына миномёт орнотуп жатат" деген кабар уктум. "Чек ара заставасы менен Өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө кол салышы мүмкүн" дешти жергиликтүүлөр. Бизде курал-жарак жок болчу, жетекчилер менен макулдашып техникаларды коопсуз жайга чыгарып жаткан маалда бизди миномёт менен аткылап киришти. Өздүк курамды чыгарып кетүүгө жетиштик. Чабуулдун чордонунда калган Арка-2 айылынын тургуну Райхан Сатыбалдиева “маңдай тер менен курган үйүм заматта күлгө айланды” дейт. – Балдарым Орусияда иштешет, үйдө жолдошум экөөбүз жашачубуз. 29-апрелде үйдө отурсак кошуналар “зарыл болгон буюмуңарды алып, качкыла!” деп кыйкырып калышты. Аңгыча айылдын башынан автоматтын үнү жаңырды. Күйөөм экөөбүз өз унаабызды айдап качып жөнөдүк. 2-май күнү кайтып келсек, 7 бөлмөлүү үйүбүз эч нерсеси калбай күйүп кетиптир. Бул үйдү үч балам менен 10 жыл Орусияда иштеп, маңдай тер менен салган элек. Орусиядан былтыр карантин учурунда келгем. Үйдө эки келинимдин себи баш болгон толтура баалуу буюмдар бар эле. Жолдошум 20 жылдан бери айдоочу болуп иштейт, үйдө калган кичи автобусубуз дагы күйүп кетти. Бул ишке эч кимди күнөөлөгүбүз келбейт, Кудайдан гана жардам сурайбыз. Ызы-чууда 48 жаштагы аял жүрөгү кармап каза болду. Маркумдун уулу Шайырбек Баянов “буга чейин апамдын эч жери ооручу эмес” дейт. – Учурда апам тууралуу “үйүн өрттөп салганын укканда жүрөгү кармап каза болду” деген сөздөр жүрүп жатат. Андай эмес, биздин үйгө тийишпептир. Апам 29-апрелде эл менен чогуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Атам кеткен эмес. Буга чейин апамдын жүрөгү ооручу эмес, жакшы эле жүрчү. Катуу кайгыргандан улам жүрөгү кармап калды окшойт. Бизге абдан оор тийди. Үч бир тууганбыз, бир уул, эки кыз. Жакында эле кичүү карындашымды турмушка узаткан болчубуз. Мен Орусияда болчумун, суук кабарды уккандан кийин келдим. Баткенде мекенин, элин коргоп жатып каза тапкан 3 жоокердин бири Эсентур Кубанычбек уулун аталаш агасы Тилекбек Жумакеримов эскерди. – Эсентур үч бир туугандын ортончусу. Агасы жана карындашы бар. Эсентур бир жашка чыкканда атасы каза болуп калса, эки жашка чыкканда апасы агасы экөөнү чоң энесинин колуна таштап, кызын жетелеп башка турмуш куруп кеткен. Ошондон тарта экөөнү чоң апасы бакты. Апам 2004-жылы каза болгондо эки баланы тең өзүм багып алдым. Менин аялымды өз апасындай көрүшчү. Өзүмдүн беш балам бар, агамдын балдарын алардан кем көрбөй чоңойттум. Эсентур кичинесинен тарта өтө зирек, элпек болуп чоңойду. 8-класска чейин Ак-Муз айылындагы орто мектепте окуп, андан соң Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейди бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген. Анда жоокерге таандык болгон бардык сапаттар бар эле, эр жүрөк болчу. Жолдубек Качкынбаев "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|