
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко учурда беттешке катуу даярданып жаткан чагы. Ал 16-майда америкалык Андреа Ли менен беттешет. Кармаш АКШнын Хьюстон шаарында боло турган UFC-262 турниринин алкагында орун алат. Буга чейин Шевченко өткөн жылдын ноябрь айында бразилиялык Ариана Липскини мөөнөтүнөн мурун утуп алган. Ал эми Андреа Ли өткөн жылы америкалык Роксанн Модаффериден утулуп калган.
Антонина Шевченконун профессионалдык карьерасында 9 жеңиш, 2 жеңилүү болсо, Андреа Лиде 12 жеңиш, 5 жеңилүү бар.
Динара Акимова