
6-9-май аралыгы Болгариянын борбору София шаарында “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча акыркы дүйнөлүк жолдомолук турнир болуп өттү. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнөн барган балбандар мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жолдомосуз кайтышты. Бул турнирдин жыйынтыгы менен Олимпиадада байге үчүн ат салыша турган бардык салмак категориядагы балбандардын тизмеси аныкталды.
Эске салсак, күрөш боюнча Кыргыз курама командасынан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Атабек Азизбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Эрназар Акматалиев Олимпиадага жолдомо алышкан.
Динара Акимова