БИР БҮРКҮМ. ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫ ТОЛО БАШТАДЫ...
№962 13-19-май, 2021-ж.
Президент Садыр Жапаров майдын аягында Орусияга иш сапары менен барары белгилүү болду.
Быйыл Ысык-Көлдө туристтик маалда коомдук коопсуздукка 710 милиция кызматкери көз салары айтылды.
10-майга карата өлкөдө 43 миңге жакын жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Өлкөдө 2021-жылдын алгачкы 4 айында пенсия жана жөлөкпулдарга бюджеттен 16 миллиард 577 миллион сом жумшалды.
Өзгөндө 11-майда 8 жашар бала сел агызып кетип каза болду.
5-9-май күндөрү Ош шаарында Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Элчибек Жантаев Ысык-Көл облусунун жетекчиси кызматынан бошотулуп, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп Мирбек Кожоев дайындалды.
Токтогул суу сактагычы толо баштады, 11-майга карата анда 9 миллиард 372 миллион метр куб суу бар.
11-майда Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Кытайда иш сапар алкагында жолугуп, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.
Базарбай Мусабеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматына Лира Сыдыкованын талапкерлиги сунушталды.
Виктория Мозгачева Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду: