
UFC 262 турниринин негизги кармашында жеңил салмактагы чемпиондук титул үчүн бразилиялык Чарльз Оливейра менен америкалык Майкл Чендлер 16-майда АКШнын Хьюстон шаарында беттешти. 31 жаштагы Чарльз Оливейра каршылашын нокаутка учуратып, чемпион болду. Буга чейин чемпиондук кур Хабиб Нурмагомедовго таандык эле.
Ушул турнирдин алкагында беттешке чыгышкан Антонина Шевченко жана Тони Фергюсон атаандаштарынан утулуп калышты.
Динара Акимова