
Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун ээси Мансур ибн Зайд аль-Нахайян клубдун күйөрмандарын 29-майда Португалияда өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалына бекер алып барары клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Клубдун миңдеген күйөрмандары Манчестер шаарынан Порту шаарына бекер учуп барышат жана коронавируска каршы тесттен бекер өтүшөт.
Чемпиондор Лигасынын финалы 29-май күнү Порту шаарындагы 50 миң көрүүчү бата турган "Драган" стадионунда өтөт. Финалда "Манчестер Сити" лондондук "Челси" клубу менен кез келет.
Динара Акимова