Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
“Баягылар” тобу: “БИЗГЕ КОШУЛАЙЫН ДЕГЕНДЕР КӨП, БИРОК ТАМАШАБЫЗГА ЧЫДАШПАЙТ”№964 27-май - 2-июнь, 2021-ж. Жандуу үн менен 6 адам кыргыз кайрыктарын созуп киргенде уккан эч бир адам кайдыгер калбайт. Шаңдуу, кызыктуу, таланттуу топтон маек алып жатып күлкүгө тоюп чыктык. “Адам чыдай албай тургандай тамашалайбыз, ошол үчүн бизге эч ким чыдабайт” дешет алар. Анда бул жолу “Баягылар” тобу баяны менен алдыңыздарда. Адилет Кожобергенов: – Рахмат, жакшы келдик. Эми “Баягылар” деп атаганыбыздын себеби – тээ баягы-ыдан бери жүрөбүз да. Топтун түптөлгөнүнө 10 жыл, өзүбүздүн түптөлгөнүбүзгө асты 50 жылдай болуп калды (күлүп). Талант Сыдыков: – Биз шеринелешпиз. Топтун жетекчиси, элдин атактуу уулу Жеңишбек Жумакадыр азыр АКШда жүрөт. Ошол башыбызды кошкон. Талант Асаналиев деген досубуз Төө-Ашуу жабылып келе албай калды. Алтообуз жашоодо кан достордонбуз. Ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болуп чогуу жүрөбүз. Шеринелерде чыгармачыл адам болгондуктан ырдап калчубуз. Жеңишбектин Айфону бар эле, ал видео тартып, ал социалдык тармактарга тарап кетти. Эл көрүп “баягылар ырдап жатыптыр”, “аа, баягылар турбайбы” деп жатып атыбызды эл коюп салды. Өзүбүз ойлоп тапкан эмеспиз, ошентип “Баягылар” болуп калдык. Аман Мамбетакунов: – Жок, биз ар кайсы жерденбиз, тайпалаш да эмеспиз. Жеңишбек элдин уулу да, көп жерди кыдырып жүрөт. Өнөрлүүнү тээ алыстан көргөн сапаты да бар. Кочкордон Адилетти, Нарындан мени көрүп концертине чакырып сахнадан башыбыз кошулду. Жылдызыбыз келишип калды. Көп нерсе аялдардан да көз каранды экен. Жубайларыбыз да бири-бирине жагып катышып калышты. Ошентип шеринелеш болуп жүрүп топко айланып кеттик. Адилет Кожобергенов: – Кошулабыз деген эркектерди мындай коёлу, кыз-келиндер бар, айланайын. Араң жүргөндө жөн эле койгулачы деп жатабыз (күлүп). Абир Исраилов: – Бизге кошулабыз дегендер көп. Бирок тамашабызга чыдай алышпайт. Ич ара катуу тамашалашабыз. Ошондон эле коркуп келе албай жатышат окшойт. Сапарда көп жүрөбүз да, тамашалап бирибизди чечинтип туруп бакка таңып кетип калабыз (күлүп). Ал кантет, ким чечет, башыбыз да оорубайт. Анан бири-бирибизге таарынбайбыз. Талант Сыдыков: – Ии, мен заммын, ээ (жанындагыларга карап)? Сени койгон, бирок сен иштей албай коюп түшүп калдың, ээ? Силерге маекке келе турган жоопкерчиликти Аман алган. Байкуш, таң атпай жазып жатты. Эфирлерге чакырып калганда бирөөбүз ушинтип милдетин алсак, алган киши байкуш куурайт. Кээде тамашалап “барбай коёлубу, ыя?” деп жинине тиебиз. Абир Исраилов: – Тамашабыз күчтүү, кээде “барбайбыз” деп жатып алсак, жоопкерчилик алып алган байкуш үйүбүзгө чейин барып терип келген учурлар болот. Эркелеп туруп алабыз. Кечээ жакында чакан концерт бердик. Ар бирибиздин күйөрманыбыз бар да. Түзүк акча таап алдык. Пандемияда жукара түшкөн чөнтөктү толтуруп алдык. Аман Мамбетакунов: – Биздин артыкчылыгыбыз – жандуу үн, аккордеон, комуз, шалдырак. Аппаратуранын деле кереги жок. Электр жарыгынын деле кереги жок. Жаан жааса деле туруп алып ырдай беребиз (күлүп). Анан интермедияларыбыз бар. Эки жарым саат концерт берсек да эл “эми эле башталды го, дагы” деп отуруп алышат. Абир Исраилов: – Кайдагы эки жарым, үч жарым саатка созулуп кетет кызыганда. Талант Сыдыков: – 10-15 жыл мурун фонограмма деген шумдук болчу. Эл азыр фонограммадан тажап, биздей жандуу ырдаган ырчыларга ыктай баштады. Ошондон биз утуп жатат окшойбуз. Чоң концертибизди 2013-жылы Спорт сарайында бергенбиз. Батир, 3 унаа утушка коюп, билет баасын кымбат кылганбыз. “Ким келмек эле?” дегендерди таң калтырып Спорт сарайы мелт-калт болуп толуп калган. Айфон, телефон майда-бараттардан бери ойнотконбуз. Абир Исраилов: – Үйдөгү майда-чүйдөнүн баарын алып келип өткөргөнбүз деп кой (күлүп). Талант Сыдыков: – Эл тааныш-билиши жок таза утуп алып ыраазы болушкан. Кийин филармонияда концерт бердик, анда эл ыраазы болгон. Адилет Кожобергенов: – Ошону ырас эстетип койбодуңбу. Кимге келди эле? Талант Сыдыков: – Кезек мага келген, карындашым, эстетпей турсаң болмок да. Берем, айланайындар, берем. Келинчегим бир аз сыркоолоп жатат, айыкса эле өткөрөм. Бизде чоң шерине, манты шерине, аш шерине, чай шерине деп бөлүп алганбыз. Айланып эле жүрө беребиз. Аман Мамбетакунов: – Элден чыккан өнөрлүүлөрбүз. Мен Искусство институтунун режиссёр бөлүмүн бүтүргөм, комузда ойногонду кичинемден эле билем. Жеңишбек Жумакадыр Москвадан Щепкинди бүтүп келген, музыкалык билим Талант Сыдыковдо эле бар. Адилет Кожобергенов: – Калганыбыз өнөрдү дипломсуз үйрөнгөндөрдөнбүз. Талант Сыдыков: – Алтообуз тең чогуу азыраак чыгабыз. Анткени алтообуздун ставкабызга чыдаган, жандуу үн угам дегендер азыраак болот. Андан тышкары алтообуздун өзүнчө ставкабыз бар, тамада, ырчы, куудул катары кете беребиз. Абир Исраилов: – Алтообузга акчасы чыдабагандар төртөөбүздү. Төртөөгө чыдабагандар экөөбүздү же жалгыздан деле чакыра беришет. Акыры чакырттырабыз да (күлүп). Бирок алтообуз барсак башка ырчынын, тамаданын, куудулдун кереги жок. Адилет Кожобергенов: – Мына бул үн бөлүштүргүч (Талант Сыдыковду көрсөтүп). Талант Сыдыков: – Жакшы үндөрдү өзү алып алат деп койбойсуңбу? Абир Исраилов: – Мурун хор ырдай берчүбүз, коркутуп жатып эле бөлүп салды (күлүп). Такем музыкант да, аңгыл-дөңгүл кылбай, сапаттуу кылып шөкөттөп үн бөлүштүрүп койду. Адилет Кожобергенов: – Кечээ жакында өзгөчөлүк киргизип, интермедияга индия ырын коштук. Эски ырдан да индиянын ретро ырларын ырдап баштадык. Кыргыздыкы бул жакта эле калды. “Ача-ача” болуп ачылып кеттик. Абир Исраилов: – Жана “топко кыз-келиндерди албайсыңарбы?” деп калдың го. Адилет турганда кыз-келинге муктаждык жок, өзү эле кемпирден баштап келинге чейин сонун туурайт. – Адилет Кожобергенов: – Катуу тамашабы? Сиз мага экинчи аял болгонго макулсузбу (баары каткырышып)? Адилет Кожобергенов: – Тамаша, карындашым, биздин тамашалар эми гезитке туура келбей калат го, өтө эле курч, болбосо айтып бермекпиз. Талант Сыдыков: – Ий, Кудай, ай, жүрөктү оорутасың да. Абир Исраилов: – Баарыбыз эле коркпой айтып бере алабыз. Аман Мамбетакунов: – Кана айтчы анда? Мунун келинчеги Москвада да, ошого коркпой жатат (күлүп). Абир Исраилов: – Айтып эле берем. Мурунку жумадабы, Кудай акы, айтор, жакында эле келди. Мамлекеттин тынчтыгы үчүн тажиктин бирден кызын алсаңар уруш токтоп калат экен деген жарыя чыкканынан тизмеге жазыла койгом, токтосун деп. Бирок тандалып отуруп жок калыптыр. Ошентип сүйбөй калбадымбы. Тамаша, карындашым, кечиккен сүйүү эмес, алып алган сүйүүнү деле анда-мында ээрчитип калдык. Карыганда бизде кайдагы сүйүү? Адилет Кожобергенов: – Көп эле алдык, гезит, радиолор сыйлап эле жатышат. Силердикин эле ала элекпиз, бүгүн берип койсоңор ала кетели. Барган жерден эле кружка беришет. Аман Мамбетакунов: – Уктап ойгонгону эле идея айта берет. Адилет Кожобергенов: – Берки Талант Асаналиев бар го, ал азыр айылда, көп идея ошондон келет. Айылдын аурасы таза болот да. Аман Мамбетакунов: – Адилет чарбачыл. Үйүндө 150дөй балапан бар. Жарыкка кактап эле чыгара берет. Абир Исраилов: – Тоок баспай койгон жумуртканы өзү баса коюп эле чыгарып алат. Анча-мынчасына короз да болуп жибереби (каткырышып)?.. Талант Сыдыков: – Баары эле түрдүү жаатта иштерман. Баарыбыз чогулганда бир нерсе чыгат. Ага чейин топко идеяларды ыргытып коёбуз, концерт болуп калганда жан талашып кара терибиз чыкканча иштейбиз. Топтун намысы дегенде баш-отубуз менен кирип бир үйгө чогулуп алып азык-түлүгү жок калганча иштейбиз. Аны түгөтүп, экинчисиникине жөнөйбүз. Ошентип 6 үйдү кыдырып чыкканча концертке даяр болуп калабыз. Аман Мамбетакунов: – Жөн эле жүрөбүз, жылдыз болбой эле. Адилет Кожобергенов: – “Баягылардын” бири келди, ырдап жатат десе толкунданып калабыз. Бирок кыр көрсөтүп укмуш болгон жокпуз. Же силер болдуңарбы? Талант Сыдыков: – Биз жашыбыз өтүп калганда чогулуп калдык. Ошого токтоо эле кабыл алдык окшойт. Өтө жаш болсок, балким... Абир Исраилов:– “Баягылардын” бири” деп көчөдө таанып шыбырашканда эле боюңду түз кармап басып калбасаң, билинбейт деле. Адилет Кожобергенов: – Чакырганыңарга рахмат! Биз гезитиңиздерге чыгып жатабыз, эми тиражыңар мындан да өсөт. Абир Исраилов: – Жаркырап-жайнап, эл менен биздин ортобузда көпүрө болуп жүрө бериңиздер! Аман Мамбетакунов: – Рахмат, силер менен биздин жолубуз бир. Силер да элдик гезит болуп калдыңар. Аман бололу! Талант Сыдыков: – Мен айтайын дегенди булар айтып салышты. Мен атамдын башын айтамбы дегендей, баарына кошулам. Аманчылык болсун элибизде! – Биз шеринелеш достордонбуз. Чыгармачылык жолдо чогуу жүрүп, кийин топ болуп калганбыз. Мени эл шылдыракчы катары тааныйт, бирок топто баарыбыз ойноп көрүп “сен шылдыракты жакшы, ритмди туура алып кагат экенсиң” дешип мага ыйгарышкан. Топтун сонун энергиясы бар, чогулганда кадимкидей эс алып эргүү келип калат. Чогулганда боорду эзген окуялар толтура, бир окуя эсиме түшүп кетти. Биз бир жолу Бишкекте концерт берип жатабыз. Арабызда Адилет куудулубуз аябай ишенчээк жигит. Биягынан алданып калса, биягынан ишене берет. Жеңишбек ырдаганы сахнага чыгып кеткен. Адилет телефонун карап отурса Талант Сыдыков ары жактан келе калып эле “сени сахнага чакырып жатпайбы, эмне отурасың?” десе чуркап чыгып кетти. Жеңишбек экөө сахнада бирдеме деп сүйлөшүп калышты. Келгенде Жеңишбек айтат, “сүйлөп жатсам эле эл дуу кол чаап ийди. Капырай, ушунча сонун сүйлөп салдымбы десем, артымда туруп алып Адилет жүгүнүп жатыптыр. Чочуп кетип эле “сен эмне чыктың, эмне болду?” деп шыбырасам, “сен чакырган турбайсыңбы?” деди. Тигилер алдаган экен деп сатира кылып бир нерселерди айтып элге билдирбей кеттик” деп айтып берип жатпайбы. Алданып калганын көрүп алып боорубуз эзилип күлгөнбүз. Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Aimani
![]()
01.06.2021. 16:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамашалары кыжырды келтирет го.Мага экинчи аял болосунбу деген кантип кулкулуу болсун.же жаш балдар эмес.А так ырдагандары жагат.
Nina.alex
![]()
01.06.2021. 18:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалжактап суйлогон немелер экен
Nina.alex
![]()
01.06.2021. 18:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эч купулума толгон жок маек. 13-15 жаштагы акылсыз балдар суйлоп жатканжай болуптур
Jaka1978
![]()
02.06.2021. 09:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошо орунсуз суйлоп коюшуптур
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|