
25-майда "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү
Садык Шер-Нияз кыргыз-казак элинин маданиятына кошкон салымы үчүн Казакстандын “Достук” ордени менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өтүп, сыйлыкты Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси
Рапиль Жошыбаев тапшырды.
“Достук” ордени коомдогу өз ара ынтымакты сактоо боюнча жемиштүү эмгеги, тынчтыкты, достукту жана элдин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн жемиштүү кызмат кылгандарга берилет.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Казакстан менен биргеликте маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Кыргыз-казак акындарынын айтышы Бишкек жана Нур-Султан шаарларында уюштурулмакчы.