БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУГА АЙЫП ПУЛ АЗАЯТ...
№964 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
- Быйыл январда пара талап кылууга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылган жарандык активист Улан Жураевге Бишкектин Биринчи Май райондук соту 260 миң сом айып салды.
- Өлкөдө жыл башынан бери 21 адам сууга чөгүп каза болгону айтылды.
- Бишкекте быйыл жалпы 6980 бүтүрүүчү мектепти аяктады.
- Өлкөдө “Коопсуз шаар” боюнча айып пулдун суммасын азайтууну караган мыйзам долбоору комитетте биринчи окуудан өттү.
- Абдибакыт Халмурзаев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.
- Нарын, Ноокат, Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларынын мэрлерин шайлоо 11-июнга дайындалды.
- Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз өлкөсүнүн атынан министр болуп дайындалды.
- “Дело №...” гезити өз ишин токтотконун жарыялады
- 22-майда Орусияда Кыргыз жаранынын 4 жана 5 жаштагы кыздары өрт кырсыгынан каза болгону маалымдалды.
- Баткенде чек ара окуясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 100 миллион сомго жакын акча чогулду.
- Аксы районунда 24-май күнү аты менен кошо дарыяга кулап түшкөн 11 жашар бала изделүүдө.
- 24-майда Ош облусунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
- Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүнө 17 миллион доллар бөлөт, бул жеңилдетилген насыя жана грант түрүндө берилет.
- Жарандык активист Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0