
Бишкекте 31-май, 1-июнда машыгуудан өткөн Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2-июнда Дубайга учуп кетишти. Ал жакта 1 машыгуудан өтүп, андан ары Японияга сапар алышат. 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында F тайпасындагы Кыргыз курамасынын беттештери Япониянын Осака шаарында болот. “Ак шумкарлар” 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.
Динара Акимова