
2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун кезектеги оюндары 15-июнда Япониянын Сюита
(Суйта) шаарында "Panasonic" стадионунда өттү. Кыргыз футболчулары Япониянын оюнчулары менен беттешип, мелдештин 1-бөлүгү 3:1 эсеби менен аяктады. Кырыз тараптан жалгыз голду 1-тайм бүтүп баратканда пенальтиден Мирлан Мурзаев киргизди. 2-бөлүктө Япония биздин команданын дарбазасына 2 гол киргизүүгө жетишти. Жалпы жыйынтыкта 5:1 эсебинде Япония утуп кетти.
Кыргызстан Япониядан утулгандан кийин Дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду. Бирок Азия кубогуна катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул оюнга чейин Кыргызстан Монголиядан утулуп, Мьянманы ири эсепте уткан.
Эскерте кетсек, япониялыктардан 3 голду катары менен Адо Онайву киргизген. Үчүнчү голду ал башы менен киргизгенге жетишти.
Канымжан Усупбекова