
Кыргызстандын 20 жашка чейинки кыздардын футбол командасы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында 14-июнда тажикстандык атаандаштары менен оюн өткөрдү.
Жыйынтыкта аларды 3:0 эсебинде утууга жетишти. 1 гол Татьяна Казначеевага, ал эми 2 гол Адинай Дүйшөбаевага таандык.
Эскерте кетсек, Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын чемпиондугу Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Учурда футболчу кыздарыбыз 2 оюндун жыйынтыгы менен 3-орунда.
Канымжан Усупбекова