Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кий менен куралданган КАНЫБЕК САГЫНБАЕВ

№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.


Спорт жылдызы

Биздин бүгүнкү каарманыбыз кийди курал кылып, Дүйнөнү 4 жолу багынтты. Өзү сырткы келбети жагынан окуучуга окшош болгону менен, ак сөөктөр оюну болгон бильярдда атаандаштары анын жанында окуучу болуп калышат. Каныбек Сагынбаев “гезитке интервью берип, айткандары бурмалангандан кийин ЖМКларга чыкпай калган” деген кепти четке кагып, ачык маек куруп берди.

КАНЫБЕК КАЛЫГУЛОВИЧ САГЫНБАЕВ
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1985-жыл, 11-ноябрь
Бою – 177 см, салмагы – 58 кг
Лакап аты – "Боец"
Жактырган бильярдчысы – Евгений Сталев
Жактырган тасмасы – “Оушендин 11 досу”
Жетишкендиктери – Бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону
Машыктыруучусу – Константин Коробов
Билими – КУУнун экономика факультетин бүтүргөн.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.

– Каныбек, колуңа биринчи жолу кий кармаган күнүң эсиңдеби?
– Анда мен 8 жашта элем. Балдар менен Бишкектин Батыш автобекетиндеги бильярд ойноочу жайга барып ойногонбуз. Ошондо бильярд мени биринчи соккуда эле арбап алган. Ошол күндөн тарта бул оюн түрү эрмегиме айланган. Мектептен чыгарым менен бильярд ойноого шашчумун. Апам тыюу салса да, баары бир айтпай, качып болсо да бара берчүмүн.
– Кандай үй-бүлөдө чо­ңойдуң? Бир туугандарың эмне менен алектенишет?
– Катардагы эле карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Атам куруучу болчу. Мен 6 жашка чыкканда каза болуп калган. Апам эт комбинатында администратор болуп 20 жылдан ашуун эмгектенди. 3 бир тууганбыз. Иним Максат ЖОЖдо, карындашым Индира мектепте окуйт.
– 6 жашыңдан атасыз өскөн болсоң, көп кыйынчылыктар башы­ңдан өтсө керек?
– Ооба. Атам каза болуп калгандан кийин үйдө улуу бала болгондуктан, апаңа жардамдашасың да. Оор турмуштун айынан “Ош базарында” семичке, лимонад саткан күндөр да болгон.
– Мына жакында Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап, Дүйнө чемпиондугун жеңип алдың. Дүйнөлүк рейтингде да көч башы болуп алыпсың. Буга мамлекет тарабынан кандай жооп болуп жатат?
– Азырынча эч кандай. Жакында президент кабыл алат дешкен, күтүп жатабыз. “Жеңишиң үчүн мекениңде кандай сыйлашты?” деп чет элдик кесиптеш досторум сурап калышат. Эгер алар эч кандай колдоо болбогонун угушса, күлүшөт. Коңшу өлкөлөрдө спорттун кайсы түрү болбосун Дүйнө чемпиону чыкса, президенти баш болуп тосуп алып сыйлашат.
– Ушундай кырдаалдарда чет өлкөгө кетүү ойлору жаралбай койбосо керек. Сунуштар түшкөн да?
– Албетте, жаңы чыга баштаганымда эле чет өлкөдөн сунуштар түшө баштаган. Эгер мен баарынан акчаны жогору койсом, эчак эле чет жерде жашап жүрмөкмүн. Бир мисал айта кетейин. Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун алдында, атын айтпай эле коёюн, орусиялык бир олигарх келип, жеңилип берүүмдү суранды. Ал бул үчүн 30 миң доллар убада кылды. Бирок мен андай жолго бара албайм. Мен патриотмун. Акча түгөнөт, ал эми өлкөгө аброй керек. Туулуп-өскөн жериңдин намысын талашып, жеңиштерди алып бергенге не жетсин!
– Сөздүн нугун бильярдга бурсак. Бильярд биринчи кезекте сен үчүн эмне?
– Бильярд – мен үчүн биринчи кезекте сүйүп алектенчү, мага болуп көрбөгөндөй рахат тартуулоочу ишим. Анан дагы башкысы, бильярд ойноп өлкөмдүн намысын коргоп келе жатканыма сыймыктанам.
– Бильярдда физикалык даярдык кандай роль ойнойт?
– Бильярдды сүйгөн балбаныбыз Канат Бегалиев: “Сенин спортуң эле жакшы. Биз мелдеш алдында 1 ай көп нерседен баш тартып, тынымсыз машыгабыз. А силер түнү менен көңүл ачып алып деле, эртеси кийиңерди колуңарга алып мелдешке жөнөп каласыңар”,- деп тамашалап калат. Бирок биз деле бассейнге барып, чуркап, өзүбүздү мыкты спорттук калыпта алып жүрүүгө аракет кылабыз. Ошентсе да бильярдда физикалык даярдыкка караганда психологиялык даярдык маанилүү.
– Сен өзүң мелдештерге кантип даярдык көрө­сүң?
– Көңүлүмдү жайгарып, тынч эс алуу максатында жаратылыш коюнуна барам. Балык уулоого чыгам.
– Бильярдда сүй­гөн ыкмаң кайсы?
– Менин сүйгөн ыкмам “баскетбол” деп аталат. Мында шар секирип, тор баштыкка үстүнөн түшөт. Дүйнөдө бул ыкма менен 10 аракеттен онун тең түшүрө ала турган бильярд чеберлеринин катарына кирем.
– Аны өздөш­тү­рүү үчүн канча убакыт кеткен?
– 1 жыл үйрөнгөм. Негизи, жарым жыл деле жетиштүү. Эгер өжөрлүк менен 1 жыл коротсоң, көзүңдү жуумп деле киргизип каласың.
– Сени менен көпчүлүктүн бильярд ойногусу келери бышык. Атак­туулардан кимдер менен ойноп каласың? Арасында сага атаандаш боло тургандары барбы?
– Досум Мирбек Атабековго бильярд ойноону үйрөткөм. Ома менен Канат Бегалиев да жакшы ойношот. Орусияга барып калганда Леонид Ярмольник, Леонид Якубович, Александр Иншаков, Андрей Макаревичтер менен да ойноп калам. Аталгандардын ичинен Андрей Макаревич бир аз атаандаш боло алат десем болот.
– Жеке жашооңо келсек... Сүй­лөшкөн кызың барбы? Качан үй­лөнөйүн деп жатасың?
– Ооба, сүйлөшкөн кызым бар. Бирок үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин.
– Болочок жубайыңды кандай элестетесиң?
– Биринчи кезекте ата-энени сыйлаган болсо дейм. Анан да болочок жубайымдын сабырдуу болгону мен үчүн чоң мааниге ээ. Анткени мелдештердин айынан үйдө көп болбой калышым мүмкүн. Ошонун баарына чыдап, түшүнүү менен мамиле кылуусу керек го.
– Көп эле белектерди алып жү­рө­сүң да. Сага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун машина белек кылганын укканбыз. Ушул жөнүндө өзүңдөн уксак...
– Бир нече жылдан бери Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун чакыруусу менен анын атасы Ахмат Кадыровдун урматына уюштурулган эл аралык мелдешке катышып келем. 2 жолу күмүш медаль тагынгам. Рамзан Кадыров катышуучулардын арасынан жалгыз мусулман болгонум үчүн мага жан тартат. Анан ал жеңишимди куттуктап, бир тууган мусулман элинен деп Ягуар автоунаасын белек кылган. Барганда өзү менен да бильярд ойноп турам.
– Жаңылбасам, былтыр прези­ден­тибиз квартира белек кылган...
– Ооба, Курманбек Бакиевдин тушунда эмгегимди баалашып, квартира белек кылышкан. Аны мен апама белек кылгам.
– Колдоо­чула­рың кимдер?
– Албетте, менин башкы колдоочуларым – үй-бүлөм, жакындарым. Анан дагы колдоо көрсөтүп келаткан агам, кыргыздын тарыхын даңазалап руханий борборлорду ачкан Ташкул Керексизовго ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ал мени өз баласындай, мен аны атамдай көрөм. Аны кыргыздын чыныгы патриоту деп эсептейм.
– Келечекке кандай пландарың бар?
– 4 жолку Дүйнө чемпиону наамы менен токтоп калуу оюмда жок. Бильярддын айкалышкан пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиону боло элекмин. Андыктан чемпион болуу үчүн дагы да болсо аракеттенем. Ошондой эле өз тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүү максатында Кыргызстанда бильярд мектептерин ачууну пландаштыргам. Жер алып, имарат куруу иштери аяктап калды.
– Ийгилигиңдин сыры эмнеде?
– Айта кетчү нерсе, кезинде досторум менен түнкү клубдарда эс алып калчубуз. Анан көргөндөр “Каныбек машыкпай эле эс алып жүрөт, кантип чемпион болмок эле?” деген кептерди угуп калчумун. Чынында, профессионал спортчулар билишет, чемпион болуу оңой эмес экендигин. Ар бир жеңиштин артында канчалаган эмгек жатат. Жаратканга ушундай талантты бергендиги үчүн ыраазымын. Ийгилигимдин сыры деп ошол талантты өркүндөтүп, көп убакыт машыкканымды айтам.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Каныбек деген ысымды атасы койгон.
  • Машыгуулар жана мелдештер үчүн колдонуп жүргөн 2 кийи бар. Ар бирин Орусиядан 5 миң доллардан сатып алган.
  • Кемчилиги деп сол колу менен таптакыр ойной албастыгын айтсак болот. Бул тууралуу өзү: “Кээде оюнда шарлар сол кол менен урганга ыңгайлуу болуп туруп калган учурлар болот. Ошондуктан эми сол колум менен ойноону үйрөнүүгө катуу киришип жатам”,- дейт.
  • Каныбек бильярдга чейин футбол менен алектенип, өспүрүмдөр арасында КРнын курама командасында ойногон. Машыктыруучулар андан чоң үмүт этишсе да, бильярд үчүн футболду таштап койгон.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(16)
05.11.2010. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың Каныбек! Атыңа затың жарашып.
05.11.2010. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Kanybek menen 2 jyl murda tanywkam owondo bul balanyn adamdyk sapaty jogoru ekenin balagam.azir biz suilowpoibuz birok Kanybekti aiabai syilaim :)
06.11.2010. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Хотя бы это порадует! Удачи
06.11.2010. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец гордимся тобой
06.11.2010. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай патриот балдар коп боло берсин.Сен азаматсын,сыйлайм,жакшы кором,ийгилик клайм сага.
06.11.2010. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман болуп калганыма сыймыктанам кудай бир кун мага дагы ягуар буйрушуна ишенем
06.11.2010. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азматсын!!!
06.11.2010. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsin Kanibek. Bar bol aman bol. Elindin keregine jarap arabizda jadirap jaynap juro ber. Saga okwogon talanttuu adamdaribiz menen siymiktanabiz.Ar dayim Kirgizstandin atagin chigargan talanttuu adamdaribiz koboyo bersin.
07.11.2010. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гордость Кыргызстана! по возможности стараюсь смотреть трансляции его игр и всегда радуюсь результатам)
07.11.2010. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын чыныгы патирот экенсин
08.11.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенчил болгонун,акча деген балакет учун Мекенинди чанбаганын Адам атадан тараган баардыгынын кулагына кумуш сырга болсун!
09.11.2010. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныбек молодец...аман бол и утуштарын кобойсун...коп ичет деп угам, если ошондой болсо анынды ташта козго деле зыян....
09.11.2010. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат...зор ийгиликтер жана аман болсун...кыргызда ушундай чыгаан жигиттер коп болсо гана атаганат...
10.11.2010. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,ийгилигин орчундой берсин,Кыргызстандын атын чыгарган эр азаматтардын катарында дайыма бол!!!
11.11.2010. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенин оюнунду кордум , ийгилик !!!!!
13.11.2010. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wooow! "chon bala" turbayby... )) kuday yiman bersin, aman bol!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: