Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

УУЛУНУН ҮНҮ КУЛАГЫНДА КАЛДЫ

№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.


Элесине гүлдесте

Ажалга айла жок белем. Журналист, акын, мыкты жетекчи Медер Осмоналиев 29 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жашоодон эрте кетерин сезгендей, Медер 29 жаштын ичинде көп нерсени жасаганга үлгүргөн экен. Акындын инсандык мамилесин, жетекчи, үй-бүлө кожоюну, камкор ага катары бейнесин эскерүүлөр менен ачып берүүнү туура көрдүк.

Жылдыз Белекова,
“Кыргызстан Обондору” радиосунун программалык редактору:
"БИЗ "БАНК" ДЕП КОЁР ЭЛЕК"
– Медер экөөбүз тең БГУну бүткөнбүз. Бирок мен радиого келгенде ал такшалган журналисттердин бири катары таанылып калган. Ошондуктан мен аны устатым катары билем. Ал мага эле эмес, биздин радиодогу чыгармачыл топтун көбүнө жол көрсөттү. Сөз табуу чеберчилигин, ким менен кандай мамиле кылууну, эфирде абалдан кантип чыгууну Медер үйрөткөн. Өтө эмгекчил жан эле. Кээде “бул кантип баарына жетишет?” деген ойго келчүбүз. Анткени спорт менен машыкканга, жетекчи болуп катабызды айтканга, жаңы идея тапканга, ошол эле учурда калемин алып ыр жазганга, кыз сүйгөнгө, деги баарына жетишчү. Дагы бир өзгөчөлүгү, жанынан акча үзүлчү эмес. Ошол сапатынан аны биз “банк” деп коёр элек.
Көздөрү башкача жайнап тургандыктанбы, кыздардын баары Медердин эле жанында жүрүшчү. Жаңы келген кадрларга көңүл буруп, тамактанууга ээрчитип барып, коллективге кошуп койчу. Жакшы көрүп, башкача көз караш менен караган кыздар кийин анын досуна айланып кетишчү. Кыздар көп көңүл бурушса да, бирөөгө берилип кызыкканын байкабадым. Баса, “Кыргызстан Обондору” – жан шерик радиоңуз” деген сөздүн автору да Медер.
Ошондой шайыр-шатман жүргөн Медер эки жылдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү. Алсырап, жаны кыйналып, араң басып калды. Жаңылык жазып жатып деле уктап калчу. Ооруканага барганыбызда дайыма жубайы Акмаанай жанында болгонун көрүп, аялдык жүрөгүм менен ага ыраазы болуп калар элем. Уулунун үнүн угуп, артында туягы калганын сезип кеткени жакшы болду.


Акмаанай Эшпаева,
Медердин жубайы:
"УУЛУБУЗДУН АТЫН АМАНТУР КОЙДУК"
– Медер экөөбүз эки жыл мурун таанышкан элек. Мен ырларымды Канат Култаевдин айтуусу менен радиого алып баргам. Ошол жерден экөөбүз таанышып, бир айдан кийин эле үйлөндүк. Медер баласынын төрөлүшүн өзгөчө күтүп жүрдү. Мени менен УЗИге барып, баланын кыймылдаганын көргөндө ичи-коюнуна батпай сүйүнүп кетчү.
Биз үйлөнө электе эле көк боорун алдырганын уккан элем. Кийин гепатит оорусу боордун циррозуна айланып кетиптир. Акыркы убактарда ооруканага көп жатты. Кош бойлуу кезде кыйналып жүрүп мурункудай көңүл бөлө албай калдым окшойт. Акыркы күндөрү алсырап, уктай берчү болгон.
13-октябрда төрөт үйүнө мени алып келди. Ошол күнү өзү да ооруканага жатып калды. Бала төрөлгөндөн кийин телефон чалып, уулдуу болгонубузду айтсам, аябай сүйүндү. “Баламдын үнүн угузчу. Кимге окшош экен?”- деди. “Сизге окшош”,- десем: “Баласы атасына окшойт да”,- деп сүйүнүп алды. Телефондон баланын үнүн угуп, негедир катуу ыйлады. Анан: “Мен телефон чалам. Жакшы болсом эле силерге барам”,- деди. Угушума караганда, уулунун үнүн уккандан бир аз убакыттан кийин эле комага түшүп калыптыр. Комада жатып да көзүнөн жаштар куюлуп жатты дешти.
Медердин каза болгонуна такыр ишене албай жатам. Уулубуз Медердин эле көчүрмөсү. Кызыгы, салмагы да, боюнун узундугу да окшош. Медер да 3 килограмм 300 грамм төрөлгөн экен. Уулубуздун атын биринчи Медер коёлу дегенбиз. Бирок молдолор шариятка туура келбесин айтышты. Экөөбүз уулубузга Амантур деген ысымды тандап жатканбыз. Азан чакырып Амантур деп койдук.


Чыңгыз Мырзаев,
ди-джей:
"АКЫРКЫ ЖОЛУ СҮЙЛӨШКӨНҮБҮЗДҮ СЕЗБЕСЕК КЕРЕК"
– Медер байке менен 2005-жылы таанышкам. Аракетчил, оор басырыктуу, март адам катары эсимде калды. Бир жолу биздин радио “эң көп СМС жазган кыздарга биздин бойдок жигиттерди сатабыз” деп оюн уюштуруп калышты. Жеңүүчү аталган үч кыз менен Медер байке, Азамат Эркинбаев, мен болуп концертке бармай болдук. Азамат эфирге кетип калып, кыздар менен Медер байке экөөбүз калдык. Медер байке “кыздарды коноктоп коёлу” деп, аларды кафеге киргизди. Анан шаар кыдырдык. Анда да жөн отурбай, “биз тиги жактабыз, бул жактабыз” деп эфирге чалып коёбуз. Ушундай кызыктуу күндөрдө чогуу болгонбуз.
Каза болордон бир жума мурун сүйлөшкөнбүз. Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздү экөөбүз тең сезбесек керек. Аттиң...


Финляндияда жүргөн бир тууган карындашы
Аида Осмоналиева менен интернет аркылуу баарлашып,
бир катар суроолорду бердик.

– Агаң менен удаалаш болгондуктан, аны башкалардан жакшы билсең керек...
– Экөөбүз удаа өстүк. Агам аябай тамашакөй эле. Кээде чычалатып тамашаласа, ызаланып ыйлап да жиберчүмүн. Бирок андай камкор ага жок болчу. Менин таянар жөлөгүм, ишенер адамым Медер байкем болчу. Өзүнө жетпей жатса да, мени кийинтип-ичинтип, ушул даражага жеткирген. “Жакшы окусаң, дүйнөнү кыдырасың. Дүйнөнү кыдырган кандай сонун!” деп калар эле. Минтип дүйнөнү кыдыра баштаганда сыйымды көрбөй кетти. “Жакшы адамдын өмүрү кыска болот” деп коюшат го. Чын эле өзгөчө жан болчу. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, жогорку окуу жайын да кызыл диплом менен аяктаган. Алдына эмне максат койсо, ошого жеткенге аракет кылчу.
– Медердин өлүмүнө туугандары мурунку жубайын күнөөлөп жатышат деп уктук. Ошол чынбы?
– Мен эч кимди күнөөлөй албайм. Жөн эле эл арасындагы сөздөрдүн бири болсо керек. Биринчи жеңебизди деле жаман деп айта албайм. Агам ага жамандык каалачу эмес. “Бактылуу болсун” деп койчу. Мени сүйүндүргөн нерсе – агам аз өмүрүндө жакшы жарлуу болуп, артына туяк таштаганы...


Окурман, эскерүүнүн аягын Медердин ыры менен бүтүрүүнү чечтим.
Акын өзү айтып кеткенден ашыкча өзү жөнүндө эч ким айта албас.

ЖАРАТКАНГА

Арман кылып нетейин жаш башыма,
Аман болсом жетермин максатыма.
А болбосо кетермин кош айтышып,
Ажал аттуу өмүрдүн аскасына.

Жаман көрүп нетейин жылдарымды,
Берсең алып кетейин ырларымды.
Жактырбасаң кыя бер, жаным курман,
Бирок да эч азайтпа жылдарымды.

Өксүк кылып нетейин өмүрүмдү,
Булгабачы булактай күндөрүмдү.
Өтөр күндү билсемчи жок дегенде,
Өмүр, сенин чыныңбы, төгүнүңбү?

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
05.11.2010. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arty kayirluu bolsun. Allah janattan jai bersin. Bir tuugandaryna, ata enesine, jubayina konul aitam.Kalgan omurun balasyna bersin.
06.11.2010. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх! ажал, бир келдик бир кеттик экен, калган омурун чырактай болгон уулуна берсин жаратканым, жаны жаната болуп, жаткан жери жайлуу болсун!
06.11.2010. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jailuu bolsun.
Akmaanai Eshpaeva-murunku muundun belgiluu yr4ysy Tokon Eshpaevdin kyzy.jakshy yrdait,menin baikemdin toiunda yrdagan bol4u. albette myndai adamdyn arabyzdan ketkeni okunu4tuu,jakyndaryna kongul aitybyz.
06.11.2010. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун. Арабыздан ушундай таланттуу адамдын кетиши ото кайгылуу, ото окунучтуу. Мага Медер байкенин уну, ырлары аябай жакчу. жакшы коруп, кутуп укчумун анын программаларын. Эх, журогум сыгылып гана кетти да. Туугандарына, жакындарына т
06.11.2010. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медер кичине кезинде ооруп больницага тушуп калганда ыраматылык атам Абдиламит кан берген эле.ошол кундон бери кандаш тууган болуп калдык. жакшы кундордо да, оор, кыйынчылык кундордо да бизге чон жолок эле. Биз чон жоготууга учурадык. Жанын жанната болсун.
карындаштар
06.11.2010. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы адам эле.арты кайрылуу болсун. жакындан отуруп коп жолу чай ичишип калдым.кулуп жайнаган жаркын элесин туболукто мени менен калды.
Асыл, Москва
08.11.2010. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жайлуу болсун.
08.11.2010. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан обондору радиосунда,жанылыктарды мукамдуу ун менен элге жанырткан белгилуу ди-джей, алып баруучу, мыкты патриот Мырза эле!!!
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! АЛЛАХ бейиштин торунон оорун берсин!!!
12.11.2010. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аябай жаман болдум,эмне дейбиз жаткан жери жайлуу болсен,артындагы баласына омур берсин.
11.12.2010. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тубуу кайрымдуу болсун жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун.
20.12.2010. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!!!
24.06.2011. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтуу керек,окуп жатып козумо жаш келди.Эн элдин таланттуу адамы коз жумду!айла канча?не демекмин,жайы жаннаттан болсун!
23.06.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
амантурдун омуру узун болсун!
07.12.2013. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Meder baikeni mektepte okup jurgondo korgom, aiabai jonokoi jana shaiyr adam ele.
21.08.2015. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун. Мындай таланттуу адамдын омуру ушундай кыска болот деп ким ойлоптур. Радиодон унун укканда озубузчо эле суйуп куйо берчу элек. Козумо жаш келди а мен болсо эми кабардар болуп олтурам. Баласынын омуру узун болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: