29-июнь күнү куудул Гүлжайна Атаканова көз жарды. Экинчи ирет эне болуу бактысына ээ болгон куудул айым жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү:
– Куттуктоолорго рахмат. Кызым салмагы 4 килограмм 300 грамм, бою 54 сантиметр болуп төрөлдү. Кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Төрөтүм жеңил болгон жок. Бирок Кудайга шүгүр, аман-эсен көз жарып алдым. Сезимдеримди сөз менен жеткирип бере албайм. Азыр кызымды кучагыма алып бакытка балкып жаткан кезим.