
20-июлда Аксы, Сузак жана Лейлек райондорунда сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, Сузактын Чангыр-Таш айылы, Достук айылдарында сел түшкөн.
“6 жашар кызды сел агызып кетти” деген маалымат тарады. Издөө иштерине 50 куткаруучу тартылды. Сузак – Кара-Дарыя жолу да селдин агымында калган. Аксынын Мукур айылын да сел каптады. Ал эми Лейлектин Ак-Терек айылында 25 үй, 1 мектеп, 1 бала бакчанын имаратын сел каптап, ички жолдор зыянга учурады.
Табият кырсыгынан жабыркаган тургундарга жолугуу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 21-июлда Баткен облусуна барды. Эки күндүк сапардын алкагында Марипов Жалал-Абад облусунда да болот. Селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү, бир катар объекттердин абалы менен таанышып чыкмакчы.
Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган. Мындан тышкары селдин кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.
Жолдубек Качкынбаев