
Аксы районунун борбору Кербен шаарына мэр шайлоо боюнча төртүнчү жолку аракеттен да майнап чыкпады. Себеп – кворумдун жоктугу. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат болсо, 7-августта добуш берүүгө анын 15и гана катышканы айтылды. Мындан улам шаардык кеңеш өзүн-өзү таратат, күздө парламенттик шайлоо менен кошо Кербен шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт деген жоромол айтылып жаткан учур.
Кербенге мэр шайлоо биринчи жолу быйыл 7-июнга дайындалып, кворум жоктугунан өтпөй калган. Кайра шайлоо 21-июнга белгиленген, бирок мэрликке жалгыз талапкер шайлоого жакын талапкерлигин алып салып шайлоо өтпөй калган. Үчүнчү жолку шайлоо да кворум жоктугунан өтпөй калган эле. Мындан кийин БШК Кербен шаардык кеңешин таратуу боюнча президентке кайрылганы белгилүү.
Айта кетсек, мэр шайлай албай тарап кеткен учур Жалал-Абад шаардык кеңешинде болгон. 2016-жылы декабрда шайланган шаардык кеңештин депутаттары жарым жыл бою мэр шайлоо боюнча бир пикирге келе албай акыры тарап кетишкен. Ушундай эле көрүнүш эми Кербен шаардык кеңешин күтүүдө.
Лунара Бекиева