
25-августта Бишкекте оогандык качкындар кайрадан митингге чыгышты. Нааразычылык акциясы Бириккен улуттар уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында өттү. Талаптары мурдагыдай эле – АКШ, Канада же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө уруксат берүү, ага керектүү документтерди даярдап берүү. Митингге чыккандар 20 жылдан бери Кыргызстанда расмий статусу жок жашап жаткан оогандыктар бар экенин айтып жатышат. Буга чейин да алар Бишкекте митингге чыгып, Кыргыз жарандыгын берүүнү же башка өлкөгө жөнөтүүнү талап кылышкан.
Милиция 25-августта митингге чыккандарды тарап кетүүгө чакырып, талапка баш ийишпесе кармала тургандыктарын эскертти.
23-августта Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза даярдап берүүнү чектеген. Бул кадамды Тышкы иштер министрлиги “Ооганстандагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалдан улам, Кыргызстанга күмөндүү адамдардын кирип кетишинин алдын алуу” деп түшүндүргөн.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстандан 500 студент кабыл алууга даяр экенин билдирген.
Лунара Бекиева