
7-сентябрда Бишкекте мугалимдер жана медицина кызматкерлери митингге чыгышты. Талаптары – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жөнгө салуу, насыялардын үстөк пайызын азайтуу. Колдоруна “Ипотекалык компания менен банктар элди тонобосун”, “Берилген убада аткарыла элек” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Алар ипотекалык насыянын баштапкы төлөмүн жок кылуу, үстөгүн 4 пайызга түшүрүү боюнча Министрлер кабинети берген убада аткарылсын деп жатышат. Мындай талап менен өткөн жылы да Бишкекте митингдер өткөнүн белгилей кетели.
Быйыл жазда Мамлекеттик ипотекалык компания “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасы ишке кирерин жарыялаган. Ага ылайык, жылдык үстөгү 4 пайыздык чен менен ипотекалык насыялар берилери, төлөө мөөнөтү 25 жылга чейин узартылары, бул боюнча өнөктөш болуучу коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдирген эле. 4 пайыздык насыяны мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, Кыргыздын бардык жарандары алса болот деп айтылган.
7-сентябрда митингге чыккан жарандар менен жолугушууда Аида Төлөгөнова “16-сентябрь күнү программа толук ишке кирет. Ошол күндөн тарта бардык жарандар банкка кайрылса болот” деп билдирди.
Эскерте кетсек, азыркы учурда ипотекалык насыянын үстөгү 6-8 пайызды түзөт.
Лунара Бекиева