
Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочуну атып өлтүрүү окуясы боюнча 22 милиция кызматкери тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу 7-сентябрда парламентте ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
– Бул иш боюнча Аскер прокуратурасында Ички иштер министрлигинин 4 кызматкери көрсөтмө беришүүдө. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин 22 кызматкери жазага тартылды. 9 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду, 1 кызматкер жумуштан кетти, 12 кызматкер тартип жазасына тартылды,- деди ал.
Окуя 27-августта болгон. Милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда келишпестик чыгып, инспектор кызматтык тапанчасы менен айдоочуну атып салган. Айдоочу каза тапкан. Ал эми милиция кызматкери айдоочуну кокустан атып алганын билдирген.
Кылмышка шектүү кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Ага карата “баш калкалоо”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “киши өлтүрүү” беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганы айтылган.
Лунара Бекиева