
Төмөнкү Ала-Арча айылындагы орто мектепте мугалим окуучусуна кол көтөрүп, окуяны милиция териштирүүдө. Бул тууралуу 22-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арча мектебинде мугалим 7-класстын окуучусуна кол көтөргөнү тууралуу ЖМКларга маалымат тараган. Мугалим окуучусун “швабра” менен бир нече жолу башка урганы, окуучу ата-энесине телефон чаларда мугалим телефонду колунан жулуп алып, ыргытып жибергени айтылган.
Расмий маалыматка таянсак, аталган окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде эки тараптын катышуусунда жолугушуу болгон. Жолугушууда эки тараптын тең пикири угулуп, жыйынтыгында окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Аламүдүн РИИБине кайрылуу боюнча бүтүмгө келишкен. Учурда окуя боюнча жашы жете электердин иштери боюнча инспектору тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Лунара Бекиева