ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО АЛТЫНЧЫ ИРЕТ ЧЕМПИОНДУК ТИТУЛУН КОРГОДУ
№982 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
АКШнын Лас-Вегас шаарында 26-сентябрда UFC 266 турнири өттү. Анда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Лорен Мерфи менен кез келип, беттештин төртүнчү бөлүгүндө атаандашын техникалык нокаут менен утту. Муну менен ал алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду. Шевченко америкалык Лорен Мерфини утканы үчүн 392 миң доллар гонорар алды. Анын 350 миңин мелдешке катышканы үчүн алса, 42 миң долларын беттеш алдындагы бөлгөн бир жума убактысы үчүн кошумча төлөм катары алган. Ал эми Мерфинин гонорары 132 миң долларды түздү.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0