
Бишкектин Жылуулук электр борборуна быйылкы кышта 2,5 миллиард киловатт-саат электр жарыгын өндүрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу 5-октябрда ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачов билдирди. Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы ЖЭБдин ишин күчтөөгө түртүүдө.
– Буга чейин стандартка ылайык ЖЭБ 1,2-1,5 миллиард киловатт-саат электр жарыгын өндүрүп келген. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам бизге 2,5 миллиард киловатт электр энергиясын өндүрүп чыгаруу тапшырмасы берилди. Эки эсе көп. Ошого жараша иштерди жүргүзүп жатабыз. Шаарга жылуулук да берип баштадык,- деди инженер.
Бишкек ЖЭБине кышкыга 1,5 миллион тонна көмүр керек болсо, учурда 281 тоннасы гана бар деп айтылды.
Лунара Бекиева