
18-октябрда саат 18:00дө БШК парламенттик шайлоого талапкерлердин документтерин кабыл алууну аяктады. Саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан ат салышчу талапкерлер документ тапшырышты.
БШКнын маалыматына таянсак, 20 саясий партия документтерин толук түрдө тапшырышты. Алар:
“Ынтымак”, “Альянс”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Бирдиктүү Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ыйман нуру”, “Эл үмүтү”, “Азаттык”, “Күчтүү регион”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Аруузат – эл куту”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Мекенчил эл”, “Ордо”, “Багыт”, “Улуу Журт”, “Легалайз”, “Социал-демократтар”. Башында 75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген эле.
Бир мандаттуу округ боюнча 333 талапкердин документтери текшерилип жатканы айтылды. 19-октябрга карата 80ден ашык жаран талапкер катары расмий катталганы маалымдалды.
Эскерте кетсек, 29-октябрда үгүт иштери старт алат. Шайлоо 28-ноябрь күнү өтөт.
Лунара Бекиева