
Алмаз Исанов президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 18-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду. Алмаз Исанов – эгемен Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун уулу. Учурда 47 жашта. Буга чейин “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
Президенттин башка жарлыктары менен Мурат Укушов президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси, Алтынбек Эргешов президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы, Кубатбек Кожоналиев президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Кубатбек Кожоналиев мурдагы аскердик прокурор.
Лунара Бекиева