
Кыргызстан 2021-жылдын октябрь айында 1 миллиард 396 миллион 957 миң киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ишканасынан билдиришти. Бул 2020-жылдын октябрына салыштырганда 9 пайызга көп. Былтыр октябрда бул көрсөткүч 1 миллиард 286 миллион 078 миң киловатт-саатты түзгөнү айтылат маалыматта.
– Токтогул суу сактагычындагы сууга байланыштуу татаал кырдаалды эске алып, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ишканасы элге жана башка пайдалануучуларга электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылат,- деп билдиришти мекемеден.
Токтогул суу сактагычында суу быйыл сезилерлик аз. Кыш мезгили келе элек жатып андагы суунун деңгээли 12 миллиард метр кубдан ылдый түштү. Тагыраагы, 2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 920 миллион метр куб суу бар. Энергетика боюнча эксперттер Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 7 миллиард метр кубга түшүп кетсе, Токтогул ГЭСи иштен чыгат деп эскертип келишет.
Лунара Бекиева