
Сары-Челек биосфералык коругунда маралды мыйзамсыз айткан 4 тургун кармалды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришинче, алар маралды союп жаткан учурда колго түшүшкөн. Кармалгандар Аксы районундагы Аркыт айылынын 4 жашоочусу. Учурда фактыны укук коргоо органдары иликтеп жатат.
Марал – Кыргызстанда кызыл китепке киргизилген жаныбар. Аны мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып пул салынат. Эгер марал өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынан атылса, анда айыптын суммасы 2 эсе көбөйөт.
Эскерте кетсек, 2016-2019-жылдары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан кайберендерди атууга 10 жылга мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кайра-кайра сунушталып, депутаттардын көпчүлүгү колдобой коюшкан.
Лунара Бекиева