
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков парламенттик шайлоого карата студенттердин үгүт иштерине аралашканы үчүн кызматтан алынды. Учурда бул маселе коомчулуктун талкуусунда турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгы жетиштүү деңгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу бир катар чечимдерди кабыл алган.
Ага ылайык, Лейлек районунун акими кызматтан четтетилип, Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланган. Мындан тышкары Ош шаарында студенттердин үгүт иштерине катышканы үчүн ректор Кудайберди Кожобеков, аталган окуу жайдын педагогика факультетинин деканы жана 3 окутуучусу кызматтан алынды. Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланганы маалымдалды.
Лунара Бекиева