Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
МАЙЫП ЭНЕ ӨЗ КЫЗЫ ТАРАБЫНАН ТОКМОКТОЛДУБУ?№990 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
– Үйдө мени караган багуучум, 47 жаштагы кызым жана анын 9 жаштагы уулу болуп төртөөбүз жашайбыз. 2019-жылы инсульт дартына кабылгам. Ошондон улам сол тарабым иштебейт, баспайм. Биринчи топтогу майыпмын. 2021-жылдын апрелине чейин Кеминдин Орловкасында жашачумун, анан Бишкекке кызымдын колуна келгем. Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь күнү үйдө жарык өчүп калды. Мени караган кыз экөөбүз ачкабыз, жейли десек бир сындырым нан жок. Бишкекте жашаган сиңдиме телефон чалып “бир термос чай менен нан таштап кетчи” дедим. Ал келип эт, салат, нан, кыям, таттууларды таштап кетти. Бир сааттан кийин эле кызым жумуштан келип калды, баласынын жанагы майда-чүйдөлөрдү жеп жатканын көрүп жини келип “муну ким алып келди?” деп сурады. “Сиңдим алып келди” десем эле өкүрүп-бакырып баласын урушуп "жебегин муну, мен өзүм сага башка алып берем" деп баштады. Мага болсо “сага мындан кийин тамак кылып бербейм, өзүңдүн тамагыңды өзүң жасап жегин” деп кыйкырды. Диванда жатсам “тур, төшөктү иреттейм” деп жулкулдатып, чапкылап кирди. Чапкылагандан эки далым ооруп чыкты. “Эмне урасың?” дедим. “Сен төшөккө сиесиң, үйдү сасыттың, ырыс-кешигимдин баарын жеп бүттүң, тажадым, качан өлөсүң?!” деп дагы ургулады. Бир маалда жакамдан кармап туруп полго ыргытты. Сол тарабым иштебейт да, тура албай мени караган кызды чакырдым. Ага “тургузба, бул өлбөйт, кет, жогол!” деп кыйкырып, аны кууп жиберди. Неберемди чакырсам аны да жолоткон жок. “Уруп отуруп колдорум көгөрүп кетти, бул эмне кылганың?” десем жини менен колумду апчып кирди, колум тытылып канап кетти. “Азыр сени терезеден ыргытып жиберем” деди, мен чындап эле ыргытып жиберет окшойт деп корктум. Жаткан жеримден сол жамбашымды тепкилеп кирди, катуу ооруганынан бакырдым. “10 бир тууганың бар, эмнеге сени алып кетишпейт, кет, жогол!” деп уу сөздөрдү айта берди. Бир маалда неберем “үйгө 2 милиция келди” деп калды. Ошондо төбө чачымдан тартты эле, туруп кеттим. “Милицияны сен чакырдыңбы?” деп мага кыйкырды, коркконумдан “жок” дедим. Анда да жөн калган жок, дивандагы жаздыкты алып мени тумчуктуруп баштады, кайра коркуп кетти окшойт, жаздыкты ордуна коюп койду. “Сен бир туугандарыңа ачкадан өлгөнү жаткансып чаласың!” деп да айтып, ургулады. Милиция кызматкерлери 10 мүнөт эрте келгенде сабап жатканынын үстүнөн чыкмак. Милиция кызматкерлери кызымды алып кетишти, бирок кайра бошотуп жиберишиптир. Мени сиңдим алып кетти үйүнө. Ошондон бери ушул жакта жашап жатам. – Биз чалым экөөбүз Кемин районунун Орловка айылынан болобуз. Өмүр бою иштеп тапканыбызга ушул кызыбызга шаардан 2-3 жерден үй алып бердик, Орловкада чоң тамыбыз бар. 8 бала төрөдүм, баары кичинесинде чарчап, ушул кызым эле аман калган. Андан тышкары ымыркайынан багып алган дагы бир кызым бар, ал учурда Сахалинде. Аны аяйм, анткени 23 жашында күйөөсү каза болуп, бир уул, бир кызы менен жесир калды. Андан кийин турмушка чыгып, дагы бир бала төрөгөн. Учурда ошол күйөө балам менен Сахалинде турушат. Ал кызым мени баккан кыздын акысын, майыптардын арабасын, бардык керектөөлөрүмдү алып берип камсыздап турат. Бул өзүм төрөгөн кызымды өзүм айтканын айткандай, дегенин дегендей кылып жүрүп көптүрүп алдым окшойт. Буга чейин мени бир нече жолу сабаган. Ооруп Воронцовкага дарыланууга барсам, ошол жактан палатадан, Орловкадагы үйдөн... Айтор, ушул кызым мага тирүүлөй тозокту көрсөттү, кайсы күнөөм үчүн (ыйлап)? “Үйдү мага бер” дегенинен үйдүн документтерин карматкам. Кагаздарды алып келип “кол коюп бер” десе эле кол коё бериптирмин. Мени соттон “жөндөмсүз” (кылган ишине юридикалык жол менен жооптуу болууга жөндөмсүз) деп чечим чыгартып алыптыр. Мунукуна апрелде келгенимден тартып көрбөгөн кордукту көрдүм. Кызым аскер кызматкери, бажыда иштейм дейт, быйыл пенсияга чыгам деп жүргөн. Жумушунан жетекчилери уяткарып койсо жакшы болот эле. Милицияга арыз жаздым, аны кайтарып албайм, өз жазасын алсын. Жөн отурсам деле “чакыр кызыңды, сени баксын, менин моюнума минип алдың!” деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыга берет. Акыркы күндөрү такыр тынчтык бербей калды. Гүлганыш Асанбекова, жабырлануучунун сиңдиси: – Учурда ишеним каттын негизинде эжемдин атынан арыз жазып, экспертизадан өткөрүп, ажаан кызын кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу үчүн чуркап жүрөм. Кызы мыйзамсыз эле эжемди “жөндөмсүз” деп соттон чечим чыгартып алган. Биз менен, бир туугандары менен такыр катыштырбайт. 15-ноябрь күнү менден кичүү сиңдим эжеме тамак жеткиргени барып, көк ала болгонун көрүптүр. Жолдошумду ээрчитип, милиция менен бардым. Барсам эшиги ичинен бек, эптеп ачтырып кирдик. Кирсек, заматта өзгөрдү, чуркап барып энесинин тизесине жыгылып “мени кызым багып жатат деп айтчы” деп жалдырап кирсе болобу?! “Мени бетимден өп” дейт. Айтор, милиция кызматкерлеринин көзүнчө актриса болду. Мага “бир туугандарың мени сотко берип жамандаганды гана билишет, апамдын дүнүйөсүн талашканы келдиңерби?” деди. Мен эжемден эч нерсе сураган эмесмин, мага анын ден соолугу керек. Эжемди Воронцовкадагы ооруканадан сабаптыр, айылдагы үйүндө бетине ысык чай чачып жибериптир... “Эмнеге апаңды урасың?” десем, “сен көрдүңбү урганымды, далилдеп бер” дейт. Экспертизанын жыйынтыгы чыкса тиешелүү органдардан туура чечим чыгарышын талап кылам. Окуя боюнча Октябрь РИИБине кайрылганыбызда, басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди: – 2021-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине А.Г. деген жаран жээни Ж.Ага карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Ж.А. 10-кичи райондогу батирлердин биринде, саат 17:30дар чамасында энесинин денесине залал келтирген. Аталган факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 75-берене менен (үй-бүлөдөгү зомбулук) сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда соттук өндүрүш иши уланып жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгынын негизинде Ж.Анын жоругуна юридикалык баа берилет. – Мен Айганыш Жапарованын жактоочусу болом. Өзү менен сүйлөшкөндө акыл-эси ордунда, баарын түшүндүрүп айтып берип жатты. Учурда сабаган кызы чыгартып алган “жөндөмсүз” деген соттун чечимин жокко чыгартуу максатында даттаналы деп керектүү документтерди даярдап койдук. Эгер чечим жокко чыкса, кызын жоопко тартууга толук мүмкүн болот. Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн жабырлануучунун кызы Ж.Ага байланышканыбызда, ал окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Редакциянын максаты – тигил же бул тараптын таламын жактоо эмес, элге так маалымат жеткирүү. Экинчи тараптын да пикирин угууга даярбыз. Окуяга укук коргоо органдары чекит коймокчу. Лунара Бекиева “Тирүүлөй эле тозокту көрдүм” дейт өз кызымдан таяк жедим деген майып эне
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
BEKU.NUKU
![]()
29.11.2021. 15:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колун сынгыр
Kari
![]()
29.11.2021. 17:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз энесин урган акмак ко.Энелерди
xnurgul_gul
![]()
29.11.2021. 18:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактай кор ушундайдан. Булар озунчо киргиздер окшойт да. Кыргызча тарбия коргон балдар мындай кылбачу эле.
alym21
![]()
29.11.2021. 18:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шал тийгир.
AidaKurman
![]()
30.11.2021. 00:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым балдарыбызга ыйман берсин. Азыр балдарым кичинекей, ар бир суйлогон жаны созу,жаны чыккан кылыгы учун суйунуп кызык болбосо да башкаларга аны айтып берип,эмне сураса алып берип кареги менен тен айланып, ооруса уктабай карап чонойтуп атабыз. Бул эне да ошентип баккандыр эле убагында. Озунун да уулу чонойуп атыптыр,кудайдан улуу суйлобойун бирок кайтар дунуйо. Бактылуу карылыкты баарыбызга насип кылган болсун Аллахым.
Zarema11
![]()
03.12.2021. 13:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым. Кайтаар дүйнө , келме кезек деген бар.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|