
Мөөнөтү бүтүп бараткан 6-чакырылыштын депутаттары экс-спикер Асылбек Жээнбековду жана депутат Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок. 8-декабрда парламентте аталган маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими угулду. Анда “Жээнбеков менен Зулпукаров депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен камакка алынган”, “Кылмыш-жаза кодексинин жаңы пункттары күчүнө киргендигине байланыштуу алар камактан бошотулушу керек”, “жазык жоопкерчилигине тартууга негиз жок деп белгиленсин”, “кол тийбестигинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартылсын” деген пункттар бар.
Канатбек Исаев төрагалык кылган депутаттык комиссиянын корутундусу добушка коюлуп, 93 депутат колдоду.
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров “Кумтөр” иши боюнча кылмышка шектелип, ушул жылдын июнь айында УКМК тарабынан кармалган.
Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаровдон тышкары, депутат Бакытбек Жетигеновду да кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аны кол тийбестиктен ажыратууну өтүнгөн. Бул өтүнүч да орундатылган жок.
Лунара Бекиева